Айбат » Трофимовдун «жөө жомогуна» ишенген оппозицияны «апаптап» койгулачы!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Трофимовдун «жөө жомогуна» ишенген оппозицияны «апаптап» койгулачы!

«Сергей Радонежский жана Айкөл Манас» аталыштагы фонддун президенти Сергей Трофимов өгүнү жазган макаласында АКШ транзиттик борборду калтыруу үчүн август айында «Ата журт» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун көзүн тазалап, абалды курчутуп, анын аркасында төңкөрүш жасарын жар салган эле. Трофимовдун божомол-дөдөмөлүнө ишенген оппозиция алдастап калыптыр. Муну укук коргоочу Акин Токталиевдин Башкы прокуратура менен УКМКга жолдогон кайрылуусунан байкадык.

Билдирүүдө Чыңгызхандын үч «шакиртинин» (К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов) өмүрү коркунучта экендигин, аларды укук коргоо органдары канатына калкалап, кайтарышы керектиги айтылат. Ошондой эле жогоруда айткандай Трофимовдун «жомогу» мисал келтирилип, Америка Жапаровдун көзүн тазалаган соң, базасын чыгарбай сактап калат экен. Тфу-тфу, ылайым эле Садыр Нургожоевичтин өмүрү узун болсун. Бирок, конкреттүү фактылар менен бекемделбеген макалага ишенип, жүрөгү оозуна тыгылган оппозиция лидерлерине жол болсун. Мындайда чоң энелерибиз апаптап коюшчу эле, кыязы, оппозиция төбөлдөрүн да апаптатып, баштарына суу айлантып чачыш керек окшойт. Ал эми Трофимовго ишенгендерге айтарыбыз бул: АКШ базасынын тагдыры жалгыз Жапаровдон көзкаранды эмес, андыктан, камсанабагылачы, байболгурлар!

Сергей Родонежский



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru