Айбат » К.Кадыров мактады эле, эми ашата баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » К.Кадыров мактады эле, эми ашата баштады

Жапаров Садыр

2009-жылы Курманбек Бакиев куйругун толгоп койсо бакырган бойдон Швецияга үй-бүлөсүн алып качып, кара башын сактаган, апрель окуясынан кийин ИИМдин орунбасарлыгын аз убакытка аркалап, ири ишкерлерди кысып, акча жасамай өнөрү ачыкка чыккан соң кызматтан куулган Кубанычбек Кадыров акыры «түгөйүн» тааптыр.

Кышында жакын досунун гезити аркылуу азыркы бийликти көкөлөтө мактап, андан көп өтпөй кайра оппозиция короосуна өтө качып, Ак үй менен Көк үйдү «ашатып» кирди. «Мактасам майлуу кызмат берер» деген үмүтү акталбагандан кийин оппозиционер болуп чыга келгенин түшүндүк.

Так позициясы жок, ар кайсы жээкке «секирип» жүрө берген Кадыров эми «Ата журттун» «атаманы» Садыр Жапаровдун этегине эрмешип жүрүптүр. Садыр мырза деле кызык экен, тигинин кыялын, туруксуз позициясын билип туруп неге катарына кошот десең. Же «окшошконго мушташкан» деген ушулбу?

Айтмакчы, Кадыров: «Көлдүн элин сизди колдой тургандай кылам. Сиз Көлдүн лидери болосуз» деп Жапаровду көккө учуруп койгон экен, ошонун деми менен адыраңдаган бойдон Жети-Өгүзгө барганда жергиликтүү калк кайра кубалап чыгып жатпайбы! Ушундан эле Жапаров менен Кадыровдун көлдөгү аптарыйкаты нөлгө түшкөнүн баамдасаңар жетиштүү болор.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru