Айбат » Агасы Рысалиевдин жолун жолдогон жердешчил Алымкулов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Агасы Рысалиевдин жолун жолдогон жердешчил Алымкулов

Алымкулов Алиясбек

Миграцияны көзөмөлдөгөн министр Алымкулов Алиясбек үн какпай ийне жуткандай тынч отурат.  Өлкөнү мыйзамсыз түрдө тебелеп-тепсеп жүргөндөрдүн саны арбып жатса дагы… Кызыгы  өлкөбүздүн активдүү жаштарынын мамлекетте мыйзамсыз жүргөн чет-элдик мигранттарды аныктап чыгып жатышса, министирлик тарабынан бир аракети жок.  Тескерисинче айрым гезиттер аркылуу тамадалыгын койбогон Алымкулов кооз сөздөр  менен  жаш активистердин кылган ишин жокко чыгарып, “биз аныктап чыгып, биз кыйратып жатабыз, биз мынча кытайды депорт кылдык” дегени кимди гана ирээнжитпейт.

Ал эми, Миграция, эмгек жана жаштар министирлигинин Оштогу жетекчилик орундарына жалаң таластыктар дайындалып, экинчи борборубузда жакынкы арада чоң чыр чыгышы турган иш.   Буга чейин ИИМди жетектеген Зарылбек Рысалиев жетекчилик орундарга жалаң таластыктарды дайындаганын билебиз. Эми агасынын ордун иниси жолдоп, жердешчилик менен тууганчылыкка өткөндүгүн дагы бир далили катары эсибизде калчудай болуп калды. Окурмандарыбыздын айтымында, төмөнкү орундарды ээлеп отргандар Алымкуловдун дайындаган жердештери:

1) Миграция, эмгек жана жаштар министирлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Анарбаева Дина (Таластан)

2) Миграция, эмгек жана жаштар министирлигинин Ош облсутук Профессионалдык жана техникалык орто окуу жайлары департаментинин директорунун орун басары Тагайбекова Гүлайым (Таластан)

3) Миграция, эмгек жана жаштар министирлигинин Ош облустук микрокредиттик агенствосунун директору Ибраев Ажыкул (Таластан)

Айтор, Россияда Федералдык Миграция Кызматы байма-бай текшерүүлөрдү өткөрүп, мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныкташып, дароо департация кылып жатышат. Ал эми биздин министирликте миграция ишмердүүлүгү такыр эле каралбай жатканы мамлекетибиздин коопсуздугуна шек келтирүүдө. Бүгүн коңшу Кытай мамлекетинен мыйзамсыз, тынымсыз кирип жаткан мигранттар Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып жатышса, эртең өлкөбүз Кытайстан болбойбу деген суроо туулат.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru