Айбат » Атажуртчу депутаттарды актаган сот ишинен четтетилди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Атажуртчу депутаттарды актаган сот ишинен четтетилди

жогорку сот

“Ата-Журт” фракциясынын айыпталып аткан депутаттары Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун иши боюнча Жогорку Сот прокурордун арызын канааттандырып, Бишкек шаардык сотунун чечимин өзгөртүшү ыктымал. Бул тууралуу “ВБ”га Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыгын коргоп аткан Икрамидин Айткулов билдирди.

Анын айтымында, парламент депутаттарын актаган чечим чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев жана Медербек Сатиев өз ишин жана милдетин жакшы аткара албай аткандыгы тууралуу кечээ маалымат алган.

Атажуртчу депутаттарды актаган чечим чыгаргандан кийин соттордун башка иштерин да алып коюшкан. Алар сот отурумдарын өткөрө албай атышат.

“Андыктар КР Жогорку соту ушундай жол менен бийликке каршы чыгып, өз алдынча чечим кабыл алууга болбой турганын көргөзүп атат. Ушундай аракеттери менен бийлик сотторду коркутуп атат. Жогорку соттун сот коллегиясы ушундай басымды көргөндөн кийин шаардык соттун чечимин жокко чыгарышы мүмкүн”,- дейт Айткулов.

Белгилей кетсек, 17-июнда Бишкек шаардык соту атажуртчу депутаттарды актаган чечим кабыл алган.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227283



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. эч тушунбой калдым ушу саясатчыларды, деги кайсы тилде кепирипатышат?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru