Айбат » ӨКМ жетекчисинин орун басары К.Тезекбаев кызматынан бошотулду, эми анын орду талашка түшөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » ӨКМ жетекчисинин орун басары К.Тезекбаев кызматынан бошотулду, эми анын орду талашка түшөбү?

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумушунан бошотулду.

креслоАталган министрлик тараптан айтылган маалыматтар боюнча, анын ордуна негизги «атаандаш» ӨКМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекиловдун талапкерлиги каралып жаткандыгы тууралуу кеп болууда.

Ал эми бул маселе боюнча биздин сурообузга А.Бекилов: «мындай кабарды биринчи болуп сиздерден угуп жатамын, бирок К.Тезекбаевдин кеткени чын», – деп жооп берди.

Эске салсак, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 12-июль күнү «Баракелденин» онлайн-конференциясында окурмандардын суроолоруна жооп берип жатканда, бир окурмандан «Урматтуу министр, азыркы күндө ӨКМдин борбодук аппараты экиге бөлүнүп калгандыгы сизге белгилүү болсо керек. Бир бөлүмүндө Кушбак мырза «Мен Түштүктүн падышасымын» деп жана тилдүү-диндүү, интрига паравозу Бекилов Абдишарип мырза «Бул балчык меники болот» деген девизи менен Түштүк борборун башкарууда. Экинчи бөлүмүдө Давлет ака баш көз болуп «Мен баары бир Ошко барбаймын» деп жүрөт. Сиз ушундай адамдар менен ӨКМдин деңгээлин жогорулатууга ишенесизби?», деген суроо түшүп, ага министр: «Өтө кызык пикир экен. Ким эмне айтып жүргөнүн мен айта албайм. Министрликтин кызматкерлери өз көз караштары, кызыкчылыктарына жараша экиге эмес, беш-алты же онго бөлүнүп кетиши да мүмкүн. Бирок, бул бөлүнүү негизги министрликтин милдетин аткарууга кедергеси тийбеши керек. Эгерде ушундай абал түзүлүп калганын байкасам, сөзсүз түрдө чара көрөм. Сиздин айткан суроонун үстүнөн иштөө керектигин сезип турам», – деп жооп берген болчу.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru