Айбат » «Азия MIX» командасы эл аралык музыкалык фестивалында фокустар жана магиянын элементтерин көрсөтөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » «Азия MIX» командасы эл аралык музыкалык фестивалында фокустар жана магиянын элементтерин көрсөтөт

Азия Микс

«Азия MIX» командасы шайырлар жана тапкычтар клубунун Латвияда өтүүчү «Голосящий КиВиН-2013» эл аралык музыкалык фестивалында азиялык колоритке басым жасашмакчы. Бул тууралуу команданын өкүлү Виктория Попова билдирди.

Анын айтымында, «Азия MIX» командасы — фестивалга катышып жаткан 15 команданын ичинен Азияны көрсөткөн жалгыз команда.

«Мындан тышкары, команданын чыгышы фокустар жана магиянын элементтери менен өтөт, аны команданын катышуучулары өздөрү көрсөтүшөт. Бул үчүн аларга иллюзионист Ильдар Ягофаров көмөктөшөт», – дейт ал.

В.Попова кошумчалагандай, команда КиВиНди алууга ниеттенип жатат.

Эске салсак, «Голосящий КиВиН» фестивалы ушул жылдын 20-21-июль күндөрү Латвияда өтөт. Катышуучу командалар Юрмалада чогулушууда.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru