Айбат » Аксы районунда сел жүрүп, турак-үйлөрдүн короо сарай жана огороддорун суу каптады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кырдаал » Аксы районунда сел жүрүп, турак-үйлөрдүн короо сарай жана огороддорун суу каптады

Аксы району

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында 14-июль күнү саат 18:30дар чамасында Жылгын айылында сел жүргөн, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Селдин кесепетинен Молток-Сай сел өткөрүүчү каналдан келген сел суулары каналдан ашып, Жылгын айылындагы 7 турак-үйдүн короо сарайларын жана огороддорун сел суулары каптаган.

Авлетим айыл аймагында селдин кесепетинен Тегирмен-Сай айылындагы Бузурман-Сай сел өткөрүүчү каналдан келген сел суулары Тегирмен-Сай айылындагы 5 турак үйдүн огороддорун каптаган. Райондук жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru