Айбат » Жумгал районунда 30 жылдан бери оңдолбогон ички жолдор оңдолууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгал районунда 30 жылдан бери оңдолбогон ички жолдор оңдолууда

DCIM100MEDIA

Нарын облусунун Жумгал районунун борбору Чаек айылындагы ички жолдор акыркы 30 жылдан бери оңдолуп-түзөлбөй келген, учурда айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айылдын ички жолдорунун бардыгына кум-шагыл төгүлүп оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чаек айылдык кеңешинин депутаты Бектен Кадыров маалымдады, деп билдирди аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев.

Маалыматка таянсак, жалпысынан Чаек, Ак-Татыр, Шортон жана Кара-Жээк округдарындагы 30га чукул ички көчөлөргө баш аягы 300дөй унаа аркылуу кум-шагыл төгүлүп, райондун жол тейлөө ишканасынын техникасы жолдорду түзөөдө. «Мындан тышкары айылдагы жүк ташуучу унаалар менен «Жумгалсуукурулуш» ишканасынын унаалары жардам берип жатат», – дейт Б.Кадыров.

Анын айтымында, райондун борбордук жолунун асфальттары омкорулуп талкаланып, ички жолдордо унаа каттамдарына кыйынчылык жараткан чуңкурчалар көп болуп акыркы 30 жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. «Айыл өкмөттүн бюджетинен караган каражатыбыз деле толук оңдоого жетпейт, депутаттар өзүбүз чогулуп ушундай иштерди бирге алып баруудабыз, биз техника жаатында кыйналып келебиз», – дейт айылдык кеңештин депутаты.

Белгилей кетсек, жолдорду оңдоп-түзөө иштерине жалпы 10дон ашык КаМАЗ, 1 Хобо, 1 экскаватор, 1 грейдер тартылган.

FILE0024

FILE0031

FILE0045

FILE0067

FILE0071

FILE0075

FILE0081

FILE0085

Булак : Баракелде


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru