Айбат » Кең жолдун тагдырын «Бексултан» базары чечеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кең жолдун тагдырын «Бексултан» базары чечеби?

Ош шамы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-февралында Ош шаарынын №113 кесиптик лицейин которуу жөнүндө №35а сандуу токтому чыккан. Буга ылайык КРдин Өкмөтүнүн алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Н.Аскаровдун 2007-жылы 31-майдагы №1-54 сандуу буйругуна ылайык Ош областтык кесиптик билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси К.М.Адиевдин, жетектөөчү адис К.Оморовдун, №113-кесиптик лицейдин директору К.Б.Самидиновдун, директордун орун басары К.Апиеванын, башкы бухгалтер М.Ы.Карабекованын, директордун чарбалык иштер боюнча жардамчысы Ж.Ураимовдун катышуусунда Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан №113-кесиптик лицейди Ч.Текеновага тиешелүү Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү имаратка алмаштырууну өткөрүү тууралуу комиссиянын курамы белгиленген.
2007-жылы К.Б.Самидинов менен Ч.Д.Текенованын ортосунда кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлгөн. Бул актыны КРдин Мамлекеттик Мүлктү башкаруу комитетинин Ош-Жалал-Абад-Баткен областары боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчиси Ж.Ж.Борбашев 2007-жылдын 10-августунда бекитип, 11 адамдан турган комиссиянын мүчөлөрү жана Ж.Борбашев кол койгон. Бул актыда жер аянты 0,35га экени көрүнүп турат.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Кадыр Жолдошбаев коомдук жайдын жеке менчикке берилишинде мыйзамсыз аракеттер бар экендигин билдирет. «2007-жылдын 14-августунда К.Б.Самидинов менен Ч.Д.Текенованын ортосунда алмаштыруу келишими түзүлүп, ал келишим боюнча №113-кесиптик лицей 3500 кв.м. аянтта жайгашкан. Ош шаарынын мериясынын 2002-жылдын 6-августтагы №886-токтому менен №113-кесиптик лицейге 0,35 га жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилген (Токтомго ошол кездеги шаар мэри Ж.Сатыбалдиев кол койгон). Ушул токтомго өзгөртүү кирип, 2007-жылдын 22-августтунда Ош шаарынын мэриясынын №1612 токтомунун негизинде Ч.Д.Текеновага 5333 чарчы метр жер тилкесин жеке менчикке бекитип берген. Ош шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 22-августундагы №1612 токтому  менен Ч.Д.Текеновага 1833 чарчы метр жер тилкеси эч кандай аукцион же түз сатуулар болбой туруп, мыйзам бузуулар менен бекитилип берилген. (Бул Токтомго ошол кездеги мэр Ж.Исаков кол койгон). Бул боюнча 2013-жылдын 13-мартында кылмыш иши козголуп, азыр сот жараяны болууда» дейт Кадыр Жолдошбаев.
Ал эми «Бексултан» базары жайгашкан жердин ээси Карим Суранбаев талаш-тартыш жараткан жер аянты анын жеке менчиги экендигин айтууда. «Жаңыдан кеңейтилип жаткан жол тилкеси базар аянтынын 5 метрге жакын аралыгын кесип өтөт экен. 2007-жылдын август айындагы Токтом негизинде базар турган аймакты Черемушки кичи районунун Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү имаратка алмаштырып, ал жакка кулинариялык лицей куруп бергем. «Бексултан» базары турган аймак жеке менин менчигимде, ага мен ээлик кылам. Кээ бири адашып 18 сотых аянт мыйзамсыз  деп жатышат. 2007-жылы токтом чыкканда 35 сотых деп берилген, андан 15 күн өткөндө мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн текшерүү жүрүп, натыйжада, кайра 53 сотых аянтты мэриянын токтомунун негизинде жеке менчик катары менин карамагыма өткөрүлүп берилген. Бул токтомго ошол кездеги калаа мэри Жумадыл Исаков кол коюп, бекитип берген. Бул мыйзамдуу түрдө мага караштуу жер» дейт К.Суранбаев.
Черемушки кичи районуна көчүп барган №113 соода-кулинардык лицейинин азыркы абалы боюнча таанышканы барганыбызда, аталган лицейдин директору Гүлзара Эшалиева жерди алмаштырууда жетекчилер өз кызыкчылыгын көздөп, лицей кызматкерлеринин ошол кездеги каршылыктары менен эсептешпей туруп жер тилкесин алмаштырып жибергенин айтууда. «Кара-Суу көчөсүндөгү имарат 35 сотых жерди ээлеп турган. 2007-жылы биздин каршылыктарыбызга карабай Р.Абдыкадыров көчөсүнө алмаштыруу боюнча мэриянын токтому чыгарылып, биздин зар какшаган үнүбүздү уккан адам болбоду. Ал эми К.Суранбаев бизге кыйратып имарат курган жайы жок. Келгенден бери бутка тартса башка жок болуп, имарат ит ыйлай турган абалда турат. Бир жагынан жатакананын жоктугу кабырганы кайыштырып келе жатса, К.Суранбаевдин уялбай Черемушкиге кыштан имарат салып, бардык талапка жооп бере турган кылып койдум деген сөзү сөөккө жетип жатат. Канча жылдан бери абалыбызды сурган адам жок. Эртеңки күнү араң турган имарат кулап кетпейт деп эч ким кепил бере албайт»-дейт №113 лицейдин директору Г.Эшалиева.
Ага карабай Ош шаардык прокуратурасы да бул жерде токтом боюнча жер тилкесин бекитип берүүдө мыйзам бузуулар болгондугун билдирүүдө. «2007-жылдын 10-августтагы токтом негизинде базар турган аймакты Ч.Д.Текенованын Черемушкидеги жерине алмаштыруу жүргүзүлгөн. Бирок, ал кезде 35 сотых деп чыгарылган аянт белгисиз себептер менен эч кандай сатыгы жок туруп азыркы базардын аянтына кошулуп кеткен. Тагыраак айтканда, 2007-жылдын 22-августунда токтомго өзгөртүү киргизилип, Ош шаарынын мэриясынын №1612 токтомунун негизинде Ч.Д.Текеновага 5333 чарчы метр жер тилкесин жеке менчикке бекитип берген. Бул токтомдо эч кандай аукцион же түз сатуу болбой туруп мыйзам бузуулар болгон. Бул боюнча 2013-жылдын 13-мартында кылмыш иши козголуп, азыр сот жараяны болууда», – деп билдирди шаардык прокуратуранын өкүлү.
Эки тараптын ортосунда пайда болгон пикир келишпестикти сүйлөшүү жолу менен да чечүү аракеттери көрүлүүдө. Ош шаардык мэриянын муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси Алимбай Кадыровдун бизге берген маалыматына караганда, жергиликтүү шартты эске алуу менен айрым маселелерди компромисттик жол менен да чечүүгө болот. «Курулуп жаткан жол тилкеси калаабыз үчүн эң маанилүү иш. Коюлган план боюнча 39 обьект турган аянттан жол тилкеси өтүшү керек. Баарыбызга маалым болгондой буга чейин ал аймактагы жол энсиз болуп, көп авто тыгындын болушуна алып келип жаткан. Жогоруда белгиленген обьекттердин ичинен 34 обьекттин ээлери менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, келишимдин негизинде алар макулдугун беришти. Ал эми калган 5 обьекттин анын ичинде «Бексултан» базарынын ээси да биз сунуштаган суммага макул болбой жатышат. Бирок, биз жол тилкесиндеги обьекттер менен талаш-тартышка барбастан, тынч жол менен мыйзам чегинде сүйлөшүү жүргүзүү аркылуу пикир келишпестиктерди калыс  чечкенге аракет жасай беребиз. Мындай компромисттик жол менен буга чейин да бир нече талаш-тартыш маселелерди чечкенбиз. Кудай буйруса, «Бексултан» базары боюнча да маселе жакын арада оң жагына чечилип калат»,-деди А.Кадыров.
Эскерте кетсек, чыр-чатактын өзөгүн базардын чекесиндеги 5 метр узундуктагы жер тилкеси түзүүдө. «Бексултан» базарынын ээлери 5 метр жерин коомчулукка берүү үчүн жергиликтүү бийликтен 22млн. сомдун жок дегенде жарымын талап кылышууда. Ал эми Ош шаарынын мэриясы бул жерди 5 млн. сомдун айланасында баалап, ансыз деле бул жерде мыйзам бузуу болгондугун эскертишүүдө. Айрым талдоочулар, эгерде чыр-чатак сүйлөшүү жолу менен чечилбесе сот жараяны узакка созулушу мүмкүн деп айтышууда.

«Бексултан» базарынын айланасындагы пикир
келишпестиктерге кандай карайсыз?

Райхан Камалова,
шаар тургуну:
Калаа тургунумун деп эсептеген ар бир жаран шаар бийлигинин мыйзамына баш ийиши керек. Шаардын Башкы планы кандай түзүлгөн болсо талашып-тартышып, акыйнек айтышып отурбай, келечек үчүн, кийинки муун үчүн жалпы кызыкчылыкты көздөп, жеке кызыкчылыктан баш тартышыбыз туура болот. Канча жылдан бери араң жетип жаткан заманбап жолдун курулушуна каршы болгондор алкым үчүн бардыгынан кечүүгө даяр турган, сараң адамдар экени айтпаса да түшүнүктүү.
Султан Ажымуратов,
жеке ишкер:
Мындай талаш-тартыш маселе өлкөбүздө көп эле болуп турат. Менин жеке пикиримде, бул жерде шаардын жерин жеке менчикке кайсы чиновник саткан болсо ошол кишинин эсебинен чыгымдарды жабыш керек. Эгерде мэрия 5млн.сом берем деп жатса, калган сумманы «Бексултандын» кожоюндары мэриядан эмес, жерди сатып алууга ортомчу болгон шылуундардан талап кылыш керек. Мына ошондо адилеттүүлүк болот эле деп эсептеймин.
Алимбек Жунусов, студент:
Бир чети аларды да түшүнүш керек. Канча мээнет кетирип, маңдай тери, адал эмгеги менен таап жаткан эмгегинен кол жууп жатышат.  Жеке менчик катары алардын укугу бар. Бирок, жер ээси да азыркы шаардын абалын түшүнүп, каражаттарын белгилүү өлчөмдө айтса жакшы болот. Анткени, курулуп жаткан жол жалпыбыз үчүн эң маанилүү.
Даярдагандар:
Бекмурат Келдибаев, Назгуль Абдыразакова.


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru