Айбат » Нарын шаарында волейбол боюнча республикалык турнир болуп өттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Нарын шаарында волейбол боюнча республикалык турнир болуп өттү

beach volley ball

Нарын шаарында 12-14- июль күндөрү волейбол боюнча ардагерлер арасында республикалык турнир болуп өттү. Спорттук иш-чара Кыргызстандын волейбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Н.Турсунбаевдин жаркын элесине арналды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдиргендей, турнирге жашы 45 жаштан өйдө оюнчулар, жалпысы 7 команда катышышты. Жыйынтыгында Бишкек шаарынан келген ардагерлер командасы 1-орунга ээ болду. Аталган турнир Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча федерациясы, Нарын шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү, ошондой эле Н.Турсунбаевдин жакындарынын колдоосу менен уюштурулуп өткөрүлдү.

Ошондой эле Нарын шаардык мэриясы тарабынан ыраазычылык билдирилип, республикалык волейбол федерациясынын вице-президенти Ж.Кызалаковго «Ыраазычылык кат» тапшырылды.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru