Айбат » «Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо» боюнча макулдашуу ратификацияланды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » «Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо» боюнча макулдашуу ратификацияланды

инвестиция

Президент Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 20-майында кол коюлган «Айылды инвестициялоонун экинчи долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо» боюнча каржылоо жөнүндө КР менен Эл аралык өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 27-июнунда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү Ассоциациясына кыргыз тараптын жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоо тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru