Айбат » Бишкекте ММК жана он-лайн басылма өкүлдөрүнүн арасында Медиа-инновациялар лагери уюштурулат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бишкекте ММК жана он-лайн басылма өкүлдөрүнүн арасында Медиа-инновациялар лагери уюштурулат

СМИ

23-30-июль күндөрү Бишкек шаарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана он-лайн басмаларынын өкүлдөрүнүн арасында 6 күндүк Медиа-инновациялар лагери уюштурулат. Бул туурасында сайттын редакциясы маалымдады деп кабарлайт Жумгал районунан ймактык кабарчы Мирбек Асаналиев.

Анын айтымында, бул иш-чарага Нарын облусунун Жумгал районудагы маалымат борбору болгон «Жумгал KG» интернет сайтыда катышат.

Сорос-Кыргызстан фондунун «ЖМКды колдоо» программасы жана Демократияны илгерилетүү улуттук институту (NED) тарабынан каржылана турган «Арачылардын Элдештирүүчү Тармагы» коомдук фондунун Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби (School of Peacemaking and Media Technologies) Кыргыз Республикасынын расмий түрдө катталган басма ЖМКнын жана он-лайн басмаларынын өкүлдөрүнүн арасында окутуу жүргүзөт. Жергиликтүү ЖМКды контент түзүүнүн жана техникалык жаңылаштыруунун заманбап ыкмаларына үйрөтүү жолу менен алардын дараметин күчөтүүгө багытталган.

20 тандалып алынган катышуучу мультимедиялык контентти түзүү жана жайылтуу, он-лайн чөйрөдө үнөмдүү илгерилетүү, көп этностук аудитория үчүн калыс макалаларды жазуу, медиа-менеджмент боюнча тренингден өтөт. Ошондой эле аларга редакциялардын натыйжалуу иштөөсү үчүн зарыл техникалык жардам алууга табыштамалардын конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк берилет.

Тренингди Украинадан, Казакстандан жана Кыргызстандан болгон медиа-эксперттер өткөрөт. Баардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru