Айбат » Кыргызстанга Жогорку технологиялар паркы керекпи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстанга Жогорку технологиялар паркы керекпи?

Robot allongé

Кыргызстанда жогорку технологиялар индустриясынын өнүкпөй жатышы, көптөгөн экономикалык иликтөөлөргө ылайык, глобалдык рынокто өлкөнүн атаандаштык мүмкүнчүлүгүн камсыздоодогу тоскоолдуктардын бири болуп саналат. Буга жооп болуп жогорку технологиялар паркы жөнүндө мыйзам болуп калды.

Кыргызстанда программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын ассоциясы башкармалыгынын төрагасы Виктор Альбрехт «Кибердемократка» билдиргендей, КРда жогорку технологиялар паркын түзүү иши, бардык документтер аныкталып, резиденттерди тандоо боюнча 5 кишиден турган эксперттик кеӊеш тандалган стадияда турат.

Ошондой эле, бизнес эсептегендей, Паркты түзүү мамлекет тарабынан жасалма түрдө токтолууда. Мурдараак, Парктын дирекциясынын башчысы Бакыт Сарыбаев маалымдагандай, эксперттик кеӊеш тандоону ушул жылдын жазында башташы керек болчу.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Дүйшөнбек Абдылдаев белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Парктын байкоочу кеӊеши, процесс эмне үчүн создуктурулуп жатат себебин аныктоо үчүн чогулмак.

Баары кантип башталган?

Парк тууралуу маселел 4 жыл мурун эле көтөрүлгөн. Бул тууралуу 2012-жылдын декабрында бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеӊештин отурумунда Программалык камсыздоо жана кызматтарды иштеп чыгуу кыргыз ассоциациясынын президенти Азис Абакиров бидирген.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул жылдын 30-январында, Кыргызстанда Жогорку технологиялар паркын түзүү маселеси боюнча долбоор финалдык стадиясына жетип калгандыгын билдирген.

«Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» мыйзам жылдан жылга алдыга жылып турган, бирок акыркы убактарда бул маселе туруп калды. А бирок, биз Жогорку технологиялар паркы тууралуу мурда эле айтып баштаганбыз, Орусияда Сколково тууралуу айтып баштаганга чейин эле. Бул маселе экономиканын жана социалдык аспектилердин өнүгүшү эле эмес, бул өлкө имиджинин маселеси. Негизинен бул үчүн баары даяр, биз 500 миӊ програмистти муунга калтыра алабыз», – деди А.Абакиров.

Буга карабай, Паркы түзүү жөнүндө токтомго 2012-жылдын 2-майында кол коюлган, ал эми мыйзам 2011-жылдын 8-июлунда эле кабыл алынган, башкаруучу органдарды дирекция түрүндө жана Байкоочу кеӊешти каттоо жана түзүү боюнча негизги иш-чаралар жакындаэле ишке ашты.

Демек, Жогорку технологиялар паркы деген эмне жана ал резиденттерине кандай артыкчылыктарды берет?

Парк, өзгөчө жеңилдиктер менен колдонгон компаниялар катталган зонаны болжолдойт, дейт В.Альбрехт.

«Фирмалар мыйзамдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк керек, анткени, азыр маалыматтар технологиясынын адистери чет өлкөлөрдө Кыргызстанга караганда 2-5 эсе көп акча алышат. Эгерде, биз Казакстандагыдай айлык маянаны койсок, биз ири салыктарды төлөөгө туура келет. Эгерде өзгөчө жеңилдиктер болсо, анда мындай компаниялар мыйзамдашууга жана өзүнүн жумушчуларына реалдуу айлык акыларды төлөө үчүн кызыкдар болушат», – дейт ал.

Жогорку технолгиялар паркы жөнүндө мыйзамга ылайык, Парктын резиденттери Парктын түзүлүү мезгилинен баштап 15 жыл ичинде камсыздоо төгүмдөрү боюнча салыктардын жана жеӊилдиктерден бошотулат. Резиденттер үчүнсалыктын чени орточо айлык акынын өлчөмүнөн 5% өлчөмүндө белгиленет жана алар тарабынан камсыздоо төгүмдөрү 12% өлчөмүндө төлөнөт.

Парктын резиденти болуп, кирешелери МКТ менен байланышкан ишмердик түрлөрүн ишке ашыруунун жыйынтыгында алынган кирешелердин 90%ын түзгөн юридикалык же жеке жактар каттала алышат.

Мыйзамда, ошондой эле белгиленгендей, акыркы каттоо мезгилинен бир жыл өткөндө товарлардын жана кызматтардын 80ден кем эмес пайызы экспортко жолдонушу керек жана/же Парктын резидентинин кирешесинин 80ден кем эмес пайызы товарларды жана кызматтарды экспорттоо жыйынтыгында киреше болушу керек.

Парктын дирекциясынын ишмердигин каржылоо, анын резиденттеринин Парктын ишмердик түрлөрүн ишке ашыруунун, башка кирешелердин жыйынтыгында мурдагы кварталда алынган пайданын 1%ын квартал сайын чегерип туруунун эсебинен жүргүзүлөт.

Парктын жетектөөчү органы болуп, 2012-жылдын 3-декабрында түзүлгөн Байкоочу кеӊеш саналат. Ал, өкмөттүн, Жогорку Кеӊештин жана программалык камсыздоону өндүрүүчөлөрдүн кесиптик бирлигинен – үч өкүлдөн турат. Азыр, Байкоочу кеӊештин ишинин регламенти, Парктын резиденттерин каттоо формасы иштелип чыкты жана бекитилди.

Жогорку технологиялар паркы өндүрүүчүлөрдүн көбүн көмүскөдөн чыгууга мүмкүндүк берет, деп эсептейт Транспорт жана коммуникациялар министринин экс-орун басары Нурлан Баяман.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Алмаз Кадыркулов белгилегендей, Жогорку технологиялар паркы Кыргызстанга керек. Бирок долбоордун жашап кетүү мүмкүнчүлүгүнө комментарий берген жок.

КРда Жогорку технологиялар паркынын чоӊ көйгөйү – мамлекет аны өзүнүн астында «калак менен күрөп жатат», деп эсептейт Улуттук стратегиялык иликөөдөр институтунун эксперти Азамат Аттокуров.

Анын айтымында, ал эркин экономикалык зона сыяктууга айланып кетиши мүмкүн. «Мамлекет буга катышпашы керек. ЖТП өзү жөнгө салуучу уюм болушу керек. Мен перспективаларды көргөн жокмун», – деп белгилейт А.Аттокуров.

Паркты түзүүчүлөрдүн кубанычтуу күтүүлөрүнө карабай, программисттер өздөрү шектенип жатышат.

«Мындай Паркты түзүү зарылдыгын көргөн жокмун, андан дагы, ал экстерриториялык. Көптөгөн IT-адистери чет өлкөлүк заказчыларда иштешет жана салыктарды төлөшпөйт, айрымдары жөн гана патент боюнча иштешет. Көмүскөдөн чыгуунун же патенттин ордуна салыктарды төлөөнүн бир дагы себебин көргөн жокмун», – дейт программист Дмитрий Василенко.

Анын айтымында, ЖТП эгерде мамлекет тарабынан жакшы колдоолорду тапса иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү болмок, жок дегенде акысыз кеӊселик имарат ичтери, акысыз интернет жана электр энергиясы, кандайдыр бир социалдык пакеттер түрүндө.

«Катталасыӊ, ноутбук менен келесиӊ да иштей бересиӊ. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк адистердин катышуусунда конференцияларга катышуу жана өткөрүү. Бул жок дегенде кандайдыр бир сезиле турган плюстар. Азыр айтишниктер мунун баарын өз күчтөрү менен жасап жатышат, жана ийгиликтүү болууда, коворкингдерди уюштурушуп, ар кандай конференцияларды өткөрүп жатышат. Аларга ЖТПнын кереги не?», – дейт ал.

Ошондой эле, ал белгилегендей, эгерде мамлекет программалык камсыздоону парктын резиденттеринен заказ кылса жакшы мотивация болмок. «Бирок, бизде түшүнүксүз субподрядчиктер аркылуу бардыгына түшүнүктүү себептер менен чет өлкөлүк кымбат фирмаларды тандашат. ЖТП бүгүнкү күндө мага IT менен мамлекеттин ортосундагы катмардай көрүнөт. Кооз сөздөрдү айтуу менен өзүнүн пайызын алгысы келген абсолюттук түрдөгү керексиз жана пайдасыз катмар. Мага ушундай көрүнөт жана беш жыл ичинде мени таӊ калтырышкан жок. Программалык камсыздоону иштеп чыгуучу тааныштарымдын көпчүлүгү ушундай ойлошот”, – деп кошумчалады Д.Василенко.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru