Айбат » КР президенти Аскердик доктрина жөнүндө мыйзамга кол койду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » КР президенти Аскердик доктрина жөнүндө мыйзамга кол койду

подпись

Алмазбек Атамбаев “КРнын Аскердик доктринасы жөнүндө” жарлыкка кол койду. Аскердик доктрина аскер курулушуна жана КРнын Куралдуу күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн даярдоого жана КРнын улуттук кызыкчылыктарын куралдуу коргоо үчүн пайдаланууга расмий кабыл алынган көз караштардын тутуму болуп саналат. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ал дүйнөдөгү жана аймактагы азыркы аскердик-саясий абалды эске алуу менен иштелип чыккан жана аскердик чөйрөдөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандырууга, мамлекеттик бийликтин, коомдун жана жарандардын күч-аракеттерин аскердик коопсуздук жаатындагы милдеттерди чечүүгө бириктирүүгө багытталган.

Аскердик доктринаны жүзөгө ашыруу боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана анын аткарылышын камсыз кылуу өкмөткө жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru