Айбат » Тайырбек Сарпашев Ноокендеги оорукананын курулушуна 9 млн сом бөлүүнү тапшырды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Тайырбек Сарпашев Ноокендеги оорукананын курулушуна 9 млн сом бөлүүнү тапшырды

тайырбек сарпашевВице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Финансы министрлигине Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук ооруканасынын терапия бөлүмүн бүткөрүү үчүн калган 9 млн сомду бөлүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал 15-июль күнү Жалал-Абадка болгон расмий иш сапары маалында билдирди.

Сарпашевдин айтымында, оорукананын курулушу ушул жылдын аягында бүтүүсү керек.

“Каржылоо маселеси чечилери менен жумушту баштоо керек”,- деди вице-премьер.

Белгилей кетсек, терапия бөлүмүнүн курулушу ушул жылы башталган. Курулуштун болжолдуу суммасы 15 млн сом. Учурда анын 6 млн сому иштетилген. Бөлүм 50 кишиге ылайыкташтырылган. Районда 118 миң киши жашайт,жана ошондой эле Т Сарпашев “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарга өз алдынчалык жетишпейт”, – деп кечээ,15-июлда Жалал-Абад облусунун эли менен жолугушуу учурунда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтканына караганда бийлик ЖӨБнин ишмердүүлүгүн анализдеп чыгып, алардын эффективдүү иш алып баруусу үчүн каржылык маселелерди чечүүдө өз алдынчалык жетишпей турат деген чечимге келди.

“Өлкөнүн туруктуу жана динамикалуу өнүгүүсү үчүн өзүн-өзү башкаруу органдарын децентралдаштырып, олуттуу реформаларды жүргүзүү зарыл. Менин жеке пикиримде, жергиликтүү органдардын жетекчилерине көбүрөөк укук берилсе, алар аны жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн чечүүдө эффективдүү пайдаланышат”, – деди Сарпашев.

Кадрлардын улам алмаша берүүсүн токтотуу максатында жергиликтүү органдардын жетекчилери министрлик жана ведомстволордун катчысынын статусуна тең келтирилет. ЖӨБнин башкармалары конкурстук негизде 5 жылга шайланып, аны жаңыдан шайланган аким кызматтан бошотууга укугу жок болот. Жергиликтүү жетекчилер кадр меселесин дагы чечүү мүмкүнчүлүгүн алышат.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227391



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru