Айбат » Турсунбек Акун: “Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн тарыхында парламентти сотко берген жалгыз Акыйкатчы менмин”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Турсунбек Акун: “Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн тарыхында парламентти сотко берген жалгыз Акыйкатчы менмин”

Турсунбек Акун“Кыргызстан гана эмес, жалпы дүйнөнүн тарыхында парламент менен соттошкон жалгыз  Акыйкатчы менмин. Буга чейин парламентти бир да мамлекеттик жогорку кызматкер сотко берип көрбөптүр”, – деп билдирди Турсунбек Акун.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш Эмгек Кодексинин 274-беренесинде “соттолууга ылайыктуу эмес” кызмат катары белгиленген. “Мындай мыйзамды депутаттар өздөрү 1996-97-жылдары кабыл алышыптыр. Бирок, мен жана менин жактоочуларым жөн калган жокпуз. Үч күн иштеп, издеп атып парламентти сотко берүүгө боло турган ыкманы таап чыктык. Эми соттук териштирүү аягына чыкмайынча депутаттар өлкөнүн Акыйкатчылыгына талапкерлерди тандай алышпайт”, – дейт ал.

“Менин жалгыз абийирим гана бар. Балдарыма элчилеп байлык топтоп берген жокмун. Ал үчүн кээде мага таарынып калышат, андайда мен айтам: “Карагылачы, силердин кандай абийирдүү атаңар бар. Ушуга кубангыла, көр дүнүйө бүгүн бар да, эртең жок. Мен өлгөндөн кийин да мен үчүн уялбай тургандай болуп жашайсыңар”, – деп. Бирок кайдан гана  Батукаев деген балээге жолуктум эле, ак жерден караланып калдым. Акыркы кезде тилеген батам “Батукаевдин балээсинен куткар” болуп калды.  Бирок мени кызматтан кетиргиси келип аткан депутаттарга ыраазымын. Алар бул кадамы менен мени актап, бул ишке тийиштигим жоктугун айкыныраак көрсөтүп атышат. Мен эми алар менен күрөшөм, мыйзам чегинде, албетте”, – деп кошумчалады.

Кyrgyztoday.kg




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru