Айбат » “Бийликти кетирүүгө кызыкдар тараптар мени менен сүйлөшүүгө келип атышат”, – дейт Т. Акун

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Бийликти кетирүүгө кызыкдар тараптар мени менен сүйлөшүүгө келип атышат”, – дейт Т. Акун

Турсунбек АкунАзыркы бийлик бир эмес, бир нече жолу ката кетирди. Катаны оңдогонго болот, бирок жаман аттысы калат. Мындай пикирин Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү акыркы окуялардан улам учурдагы бийликтин шаштысын, жалпы мамлекеттин эли эмес, бир айылдын эли деле алып койсо болоорлугу билинип калды.

“Жети-Өгүздүн Саруу айылынын эли бир маселе боюнча көтөрүлдү. Жыйынтыгында эмне болду? Бул жактан элди тынчытууга министрлер барды, эл кабыл алган жок, кубалап чыгышты. Бийликтин акылы жок, элге Атахановду да жөнөтүшөбү, же кыргызча билбесе, же эл менен тыгыз иштешип көрбөсө… Аны моюнга алгылары келбейт. Д. Нарымбаев өзү билгендей кылат. Алардын бул катачылыгы вице-премьер-министрдин кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүнөн кечирим суроо менен жыйынтыкталды. Анан Жалал-Абаддагы кырдаал курчуду. Жалпы облус эмес, облуска караштуу бир айыл эле – Барпы көтөрүлдү. Облустук администрацияны бир айылдын эли барып басып алышты. Бийлик эмне кылды? Имаратты бошотуп, четке чыга берди. Бир айылдын элине каршы турууга чама-чаркы жетпеди. Анткени, өздөрүнүн улам кетирген  катачылыктарынан эстери ооп, айлаларын таппай калышкан. “Элдик губернаторду” “уурдап” кетишип, элди тынчытууга аракет жасашты. А бирок, элди тынчытпай эле, камагандан чыгарганы бат болуп, М. Үсөновду кайсы жерден алып кетишсе ошол жерге өздөрү жеткирип беришти. Ушундан кийин, эки айылга алы жетпеген бийлик Кыргызстанда 20 жылдан бери Акыйкатчылыкта иштеп келаткан мага каршы тура алабы? Мени кызматтан кетиргиси келген бул бийликтин да күнү түгөнөрүнө аз калды. Анда парламент да тарайт, бийлик да алмашат”, – дейт Турсунбек Акун.

kyrgyztoday.kg



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru