Айбат » Айдоочуларга эрежелерди бузгандыгын негиздеп бере албаган инспекторлор көп, – ЖКК башчысы Т.Исаев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Айдоочуларга эрежелерди бузгандыгын негиздеп бере албаган инспекторлор көп, – ЖКК башчысы Т.Исаев

гаи Бишкектин Жол көзөмөлдөө кызматынын 63% кызматкери жол кыймылынын эрежелерин, 43%ы — жол кыймылын жөнгө салуу эрежелерин билбейт. Бул тууралуу кечээ, 15-июлда ИИМдин Жол көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Талант Исаев билдирди.

Анын айтымында, жалпы Кыргызстан боюнча аттестацияны 600дөн ашык кызматкер тапшырып, 186сы андан өткөн жок, алардын 57си Бишкек шаарынын ЖКК кызматкерлери.

«Тестирлөөдө 60 суроого жоопторду берүүгө ар бирине бир сааттан убакыт берилди. Бардык 204 суроо сайттарда жарыяланган. Ал суроолор боюнча даярданууга бир жыл убакыт болду. Биз аларга аттестация болорун эскерткенбиз. Тесттин бир дагы суроосуна жооп бербегендер да болду. Баарынан начар көрсөткүчтү Бишкектин ЖКК кызматкерлери көрсөтүштү, мен өзүм таң калдым. Баары эле «кыйын»: ар бир МАИчинин артында генералдар же ЖКнын эки депутаты турат. Алардан келишип, акча сунушташты, эми азыр мага, менин кол алдымдагыларга сунуштап жатышат. Кимдир бирөөнү сатып алуу үчүн комиссиянын 14 мүчөсүн сатып алуу керек, бул болсо оор», – деди Т.Исаев.

«Биз, аңгемелешүүнү гана кабыл алдык. Маалымат жыйын өткөргөндөрдүн баары кулап калгандар. Ош шаарынын ЖКК кызматкерлери жакшы даярданышыптыр, ал жактагы сынактан 4 эле адам өткөн жок. Ал эми Бишкекте тапшыргандардын 63%ы жол кыймылынын эрежелерин билбегендер. ЖКЭни билбеген МАИчи — кандай МАИчи боло алат? 43% жол кыймылын жөнгө салуунун эрежелерин билбейт. Алардын кесипкөйлүк деңгээли ушулбу? Айдоочуларга, эрежелерди бузгандыгын негиздеп бере албаган инспекторлор да көп. Биз аларды «карынды кампайтуунун булагынан» ажыраттык. Көп жылдардан бери иштелип келген, МАИге акча аркылуу орношуу системасын талкаладык», – деди башкы МАИчи.

Ал кошумчалагандай, аттестация аяктады, азыр конкурстук тандоо жүрүп жатат. «Конкурс Ош шаарында, Ош жана Баткен облустарында жүрүп жатат. Документ тапшыргандар өтө көп, бир орунга 10-15 адам талапкер болууда, жана алардын мыктысы бул орунга татыктуу болот. Чечимди комиссия чыгарат. Ал эми аттестация тапшырбагандар даярданып, кайрадан тапшырганга, керек болсо жогорку кызмат ордуларына аттаандаш болууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Комиссиянын чечимин соттук тартипте талашуу — алардын укугу», – деп кошумчалады Т.Исаев.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru