Айбат » Жумгалдын Чаек айылына ӨКМ тарабынан коллектордук дренаждык түйүндөр курулду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалдын Чаек айылына ӨКМ тарабынан коллектордук дренаждык түйүндөр курулду

Фото-0829Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында КРнин ӨКМнин атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш чараларынын 2013-жылга түзүлгөн планына ылайык Чет-Кууганды сайынын 1100 метр аралыгын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМнин Жумгал району боюнча бөлүмүнүн башчысы лейтенант Элдияр Турсунакунов билдирди деп кабарлайт аймактык кабарчыбыз Мирбек Асаналиев.

Маалыматка карасак, жазалып жаткан иштерге ӨКМнин 1 даана ЭО — 5126 маркасындагы экскаватору тартылган. Аткарылган жумуштун көлөмү 3600 м/кубту түзүп, иш толугу менен аткарылган. Мындан сырткары М.Рыскулов жана Т.Акматалиев көчөлөрүндө жер алдындагы суунун деңгээлин төмөндөтүү максатында коллектордук дренаждык түйүндөр курулган.

«Азыркы учурда Ак-Татыр аймагында да коллектордук дренаждык  түйүн курулууда» — дейт Э.Турсунакунов.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru