Айбат » Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Эгерде биз күчтүү мамлекет болгубуз келсе, анда чек ара маселесин тезирээк чечишибиз керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Эгерде биз күчтүү мамлекет болгубуз келсе, анда чек ара маселесин тезирээк чечишибиз керек”

дастан жумабековӨткөн аптанын соңунда “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Дастан Жумабеков, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдордун Талас жергесиндеги жолугушуулары учурда социалдык түйүндөрдө кеңири талкууланып жаткан чагы. Биз аталган фракциянын депутаты, ошол жолугушуулардын башкы уюштуруучусу Дастан Жумабеков менен депутаттардын сапарынын максаты жана башка маселелер боюнча маек курдук.

Дастан мырза, өткөн аптанын этегинде Талас шаарындагы эл менен жолугушууларды уюштурдуңуздар, максаты эмне эле?

Жолугушуунун максаты жөнөкөй эле. Жогорку Кеңеш эс алууга чыккандан кийин биздин фракциянын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров жана мен болуп шайлоочулар менен жолугушууларды Талас элинен баштоону туура көрдүк. Андан тышкары 3 депутат 9 ай камакта отуруп калышпадыбы. Ошого байланыштуу Таластагы аларды колдогон шайлоочуларга дагы ыраазычылык айтуу үчүн барышкан. Мындан эч кандай саясат издөөнүн кажети жок.

– Эл Сиздерди кандай кабыл алды?

Элдин кабыл алуусу жакшы болду. Жолугушууга адам көп келди. Суроолор да көп болду. Эл каалаган суроолордун баарына жооп алды. Эң негизгиси, эл дагы, биз дагы ыраазы болдук.

– Буга чейин Камчыбек Ташиевге карата Талас элинде негативдүү пикирлер бар эмес беле? Бул ирет провакациялык аракеттер болгон жокпу?

Ооба, учурунда ошондой негативдүү пикирлер бар болучу. Эми эл болгондон кийин учурда баары кимдин ким экенин түшүнүп калышты. Бул ирет андай аракеттер болгон жок. Жолугушуу тынч маанайда өттү. Мен жолугушуунун алдында бир күн мурда Таласка барып, активисттер, облустук бийликтин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдүм. Облустук милицияга, УКМКнын башкармалыгына атайын кат менен кайрылып: “Эгер эртең провокация болуп кете турган болсо, анда баарыбыз унутулушубуз мүмкүн, бирок Талас эли сөзгө калат. Ошондуктан жолугушууну жакшы өткөрүп алалы, тартипти камсыз кылып бериңиздер” деп сурандым. Кудайга шүгүр, облустук бийлик дагы, күч органдары дагы болгон аракетин көрүп, жолугушуу тынч маанайда өттү. Анча-мынча провокациялык сөздөрдү эске албаганда, жолугушуу жакшы маанайда өттү. Бакиев учурундагыдай оппозиция өкүлдөрүнө провакация жасоого бийлик барган жок мунусуна рахмат айтып коюш керек.
Эми баарыбыз алакандай эле кыргызбыз да. Эгерде ким кыргыз болсо ал өз мамлекетинин кайсы бурчунда болбосун, кеңири басып жүргөндөй болушу керек. Биз жер-жерлерге бөлүнүү аракеттерибиз менен мамлекеттин өнүгүүсүн жокко чыгарып алышыбыз мүмкүн. А түгүл мамлекетибизден ажырап калышыбыз мүмкүн. Мына ошондуктан улут катары калыптануу үчүн бизге эң ириде бир туугандык жана ынтымак керек. Ташиев болобу, Талант Мамытовбу же Садыр Жапаровбу, булардын баары кыргыздын чыгаан жигиттери. Өз элинин келечегине күйгөн азаматтар. Алар өз мекенин кыдырып, эл менен жолугушууга барып жатышса, алардын жолун тосконго эч кимдин акысы жок.

– “Кыргызтудей” сайты Таласта 3 жерде Сиздерди тай союп коноктогонун жазып чыкты…

Андай маалыматтар кайдан чыкканын билбейм, бирок буйруган жерден сый көрдүк. Кесиптешибиз, агабыз Болот Шер Манас районундагы үйүнө чакырып, коноктоду. Ал жерден шашып жатканыбызга байланыштуу козу союп куурдак даярдап койгон экен, ооз тийип кайттык. Андан кийин Талас районунун Манас айылында партиянын активисти Данияр Жаныкуловдун үйүнө конок болуп, ал бир кой союп сыйлады. Эми биздин депутаттар Таласка тай же кой жегени барган жок да. Түшкү тамакка жана кечки тамакка деп буюрган ырыскыдан жеп кайттык. Менимче конокко болгон сый кой же тай сойгонуна жараша бөлүнбөшү керек деп эсептейм. Эң негизгиси ак ниет менен сыйласа болду.

– Мындан аркы аракетиңиздер кандай болот? Жолугушууларды улантасыздарбы?

Учурда орозо кармап жатканыбызга байланыштуу жолугушуулар токтоп турат. Кудай буюрса август айында Көлгө барып эс алып, андан кийин башка аймактарда жолугушууларды улантабыз. Жогорку Кеңеш эс алууга кетээр күнү “Дастан” ишканасын жана “Мегакомду” сатуу боюнча маселе коюлду. Мен бул мекемелердин сатылышына каршымын. Булар мамлекеттин колунда калса, көп пайда бермек. Тилекке каршы көпчүлүк депутаттардын колу менен добуш берүүдөн өтүп кетти.

– Өткөн жекшемби күнү вице-премьер Токон Мамытов Таластагы Көк-Сай айылынын эли менен жолугушуу өткөргөнү менен жергиликтүү эл аны укпай, учурда “Ахмед” каналын бууп коюшту. Көк-Сайдагы жер маселеси эмнеден улам чыккан?

Көк-Сайда Казакстан тарап менен 2600 гектар жер алмашуу боюнча макулдашууга өкмөт кол койгон экен. Тилекке каршы, элдин 600 гектар үлүш жери кошо кетип калгандыктан, ал жерди алмашуу боюнча макулдашууну жокко чыгарып жатабыз.

– Үлүш жерге Казакстан тарап берген жерлерди колдонсо болбойбу?

Казакстан тарап бизге берген жер үлүшкө жарабайт. Алар жалаң эле аң, дөң, сайлардан турган аймакты беришкен. Мен бул боюнча убагында Шамиль Атахановго кат жазып, маселе тез арада чечилбесе, анда акыры чыр менен бүтөөрүн эскерткем. Жергиликтүү эл мага кат менен кайрылышкан. Жогорку Кеңештин трибунасынан канча ирет айтып чыктым.

– Учурда Көк-Сай айылында Казакстан тарап 4,5 миң гектар Кыргызстандын аймагына кирип кеткен клин бар экен. Бул жер кандайча аларга өтүп кетти? Токон Мамытов болсо айтып жатат, “2008-жылкы макулдашуу менен кеткен” деп. Демек ал келишим боюнча денонсация кылганга болбойт да?

Бул жер 2008-жылы апрель айындагы келишим боюнча кеткен. Бирок ошол жерде так ушул Көк-Сай жана Таластагы айрым жерлер боюнча маселени ачык калтырып коюшкан. Демек, бул маселени казак туугандар менен биргеликте чечип алса болот. Чек ара турган жерге зым тор тартылып, учурда жергиликтүү элдин малы жайылбай кыйналып жатышат. Казак эли бөлөк эл эмес, биздин бир туугандарыбыз, болгондо дагы ал жерге казактардын малы жайылбайт. Эми ошол жердеги зым торду алып, казыктарды калтырып койсо, кыргыздардын малы оттоп жүрө бермек. Бул маселени тууганча чечип алышсак жакшы болмок.

– Өткөндө жергиликтүү бир жылкычыны жылкылары менен кошо чек арадан кармап алышып сабашканын айтып чыгышты эле. Эгер чек ара ачылса мындай нерселер кайталана берет да?

Кандай болгон күндө дагы бул маселе боюнча биздин чек арачылар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек болучу. Тилекке каршы андай иш-чара жүргөн жок да. Ошол жердеги малчылар малдарын чек арага 60 метр калган аралыкка чейин гана жайышы керек эле. Муну биздин чек ара кызматы түшүндүргөн эмес. Мындай аракеттер коңшу мамлекеттер Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан менен чектешкен жерлерде тез-тез кайталанып жатат. Мына жакында эле Баткенде кыргыз жаранын үйүнө чейин кубалап кирип, болгондо дагы чек арадан жарым километрге чейин кирип келип атып кетип жатат. Демек биздин мамлекетте көзөмөл жок турбайбы. Эгер биз мамлекет болобуз десек, анда эң биринчи чек араларыбызга көз салышыбыз керек.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru