Айбат » Энесин атып, этин жеп… Төрт жүз миңге жыгылып

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Энесин атып, этин жеп… Төрт жүз миңге жыгылып

бугуКыргызстандын дагы бир кайталангыс байлыгы бул -Ала-Тоонун көркү болгон жапайы жаныбарлары. Бирок, жыл өткөн сайын жапайы жаныбарлар азайып, тескерисинче браконьерлердин саны өсүүдө. “Адамдын өзү тойсо да көзү тойбойт” деп бекеринен айтылган эмес окшойт. Мылтыгы кандуу мыйзамсыз аңчыларыбыз кызыл китепке киргизилген жаныбарларды да атып, жок кылышууда.

Кыргыз Өкмөтү мындай мыйзамсыз аңчылыкты токтотуу максатында жана туризмди өнүктүрүү үчүн Аңчылык тур-фирмаларын түзгөн эле. Мындай тур-фирмаларга алыскы чет өлкөдөн туристтер, биздин жарандар да барып атууга уруксат берилген гана жаныбарларды атып, ал үчүн акча төлөшү керек. Бирок, аларды эч ким көзөмөлгө албагандыктан тур-фирмалардын кызматкерлери жапайы жаныбарларды кызыл китепке кирген, кирбегенине карабай, акчасын берсе баарын атканга уруксат берип жатышканын жергиликтүү элдер,айылдык депутаттар кан-какшап айтып келет.
Айталы, 2008-жылдан бери Нарында 33 фирма аңчылык ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Ошол 5 жылдын ичинде 11-12 фирма гана талаптагыдай иш алып барыптыр. Калган талапка жооп бербеген, салык төлөбөй, жаныбарларды өз билгендей аткандары кара тизмеге киргизилип, эми аларга аңчылык кылууга жер берилбейт деп билдирди Нарын облустук администрациясы. Бирок, бул аралыкта канча аркар-кулжалар атылып кеткенин ким билсин?!
Бир фактыга кайрылсак жакында эле Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Мамлекеттик Агенттигинин Ысык-Көл облустук департамент башкармалыгы мыйзамсыз аңчылык кылгандарга каршы күрөшүү боюнча рейд жүргүзгөндө Түп районундагы Каркыра-Зындан жайлоосунан А.С. аттуу жеке ишкер кармалган. Анын муздаткычынан бугунун эти, ал эми боз үйүнүн жанынан эки курал табылган. Андан сырткары Ак-Суу районунун Кызыл-Бел жайлоосунан М.К. аттуу чабан тоо эчкинин эти, мылтыгы менен кармалган. Белгилей кетүүчү нерсе бугу кызыл китепке кирген өтө сейрек кездешүүчү жаныбар. Бирок, эт дегенде эт-бетинен кеткен, кайран жаныбардын кадырын уруп ойнобогон эргул, минтип мылтык кезеп отурат. Айтмакчы көлдүк туугандар бугуну – эне дейт. Мындан келди көлдүк мергенчи тууганыбыз энесин атып, этин жегендей эле иш жасады. Ал аз келгенсип 400 миң сом айып пул төлөгөнү турат. Айрым жарандар аркар-кулжа, бугу аткандарга 400 миң сом айып салынарын билбесе деле керек. Баса, берки тоо эчкини тоодон сулата аткан кыраан 55 миң сом айып пулга жыгылмай болду. Бирок, бизде коррупция деген балакет гүлдөгөндүктөн, ушул күнгө чейин браконьерлерден “айып пул алынды” дегенди уга элекпиз.

Булак: “Алиби”



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru