Айбат » Бүгүн Ноокат, Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо өтөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бүгүн Ноокат, Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо өтөт

выбор Бүгүн, 17-июлда Ноокат, Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган шаарлардын жергиликтүү кеңештери быйылкы жылдын февраль, март айларына белгиленген шаар жетекчисин шайлоону үзгүттүккө учураткандыгына байланыштуу, мамлекет башчысынын ушул жылдын апрель айындагы Жарлыгы менен 26-майда аталган шаардык кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күнгө карата Ноокат шаарынын мэрлигине «Ата Мекен» фракциясынан Абдилвохоп Кодиралиевдин, «Биримдик» коалициясынан Өмүрбек Тургунбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Ал эми Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматына «Ата Мекен», «Ата Журт», КСДП, «Замандаш-современник» фракцияларынан төрт адам расмий каттоодон өткөн. Алар Алмазбек Курманкулов, Кыянбек Сатыбалдиев, Абдиллажан Оморов жана Максат Оконбаев.

Ошондой эле, Көк- Жаңгак шаарынын мэрлигине КСДП Алмамат Саражиевдин, «Өнүгүү-прогресс» фракциясы Жалалидин Юсуповдун талапкерлигин көрсөткөн.

Белгилей кетсек, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru