Айбат » БШК: Республиканын 15 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » БШК: Республиканын 15 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо болот

айыл окмрт Бүгүн, 17-июлда республиканын Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарынын 15 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, шайлоону өткөрүү КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ушул жылдын 28-июнундагы токтому менен бекитилген.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүндө, Кемин районундагы Көк-Ойрок, Сокулук районундагы Новопавловка, Орок айыл өкмөттөрүндө, Москва районунудагы Александровка, Кочкор районундагы Ак-Кыян, Кара-Суу районундагы Ак-Таш, Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа, Ысык-Көл районундагы Бостери, Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу, Ак-Суу районунудагы Бөрү-Баш, Тоң районундагы Улахол, Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө, Кара-Буура районундагы Бейшеке жана Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык аймактарында өткөрүлөт.

Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен, жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru