Айбат » Жалал-Абад облусунун аймактарында селден тазалоо иштери тууралуу маалымат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жалал-Абад облусунун аймактарында селден тазалоо иштери тууралуу маалымат

жалал-абад

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 14-июль күнү катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Кызыл-Туу айыл аймагындагы Жылгын айылында 7 турак үйдүн короо сарайларын жана чарбактарын сел суулары каптаган.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү тургундар тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМнин 2013-жылдагы «Атайын алдын алуу иш-чарасынын» негизинде тазаланып бүткөрүлгөн Жол-Сай, Сарымсак-Булуң, Ак-Жар, Кара-Ой, Үнкүр-Сай сел каналдары кайрадан сел калдыктарына толгон.

Ал эми Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунун 8-20-чакырым аралыгын, ЖЭМ-12ден 1 грейдер тазалоо иштерин кечээ, 16-июлда толугу менен аяктады.

Мындан тышкары Үч-Коргон айыл аймагындагы Жыл-Кол, Караңгы–Сай айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолду тазалоо иштери толугу менен аяктады.

Жыл-Кол айылындагы 20га айыл чарба эгин талаасын (пахта, дарбыз-коон) сел каптаган. Караңгы-Сай айылында 4 турак үйдүн там аркаларын сел суулары каптаган. Буларды жергиликтүү тургундар тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Таш-Көмүр шаарындагы Аксы-Келгиз чегинда Бишкек-Ош унаа жолунун 448-чакырымына ЖЭМ-38 ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 эксковатор жана 2 самосвал тартылып, калыбына келтирүү иштери 2013-жылдын 16-июлунда толугу менен аяктады.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru