Айбат » Мустафа Сандал “Мейкин Азия” фестивалынын бюджетинин жарымындай гонорар сураган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Мустафа Сандал “Мейкин Азия” фестивалынын бюджетинин жарымындай гонорар сураган

Мустафа СандалАтактуу түрк ырчысы Мустафа Сандал “Мейкин Азия” фестивалына катышпай турганын акыркы мүнөттөрдө билдирген. Ал иш-чарага кеткен бюджеттин жарымындай гонорар сураган. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Маданият, маалыматтык саясат жана туризм министри Султан Раев билдирди.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жалпы бюджети 4,5 млн сом. Раевдин айтымында Сандал Ысык-Көлдөгү фестивалга катышуу үчүн 50 миң доллар гонорар сураган. Бул дээрлик 2,5 млн сом.

“Тилекке каршы биз андай гонорарларды төлөй албайбыз”,- деди Раев. Министр ошондой эле түрк ырчысы иш-чарага бир нече күн калганда келүүдөн баш тартканын кошумчалады.

Чет жактан чакырылган ырчылардын орточо гонорары 1 миң доллардан 2 миң долларга чейин. Бирок, фестивалда бекер эле ырдап берүүнү каалаган аткаруучулар да бар экенин Раев белгиледи.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227485




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru