Айбат » 7-апрель окуясы боюнча сот жыйынында уруш чыгып, аскерлер жаракат алды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » 7-апрель окуясы боюнча сот жыйынында уруш чыгып, аскерлер жаракат алды

жогорку сотБүгүн, 17-июлда ЖАМКтын Күзөт жана коштоо департаментинде 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча сот иши жүрүүдө. Сот жыйынында 2010-жылдагы апрель окуяларында жапа чеккендерден турган “Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен курман болгон балдардын ата-энелери ортосунда уруш чыгып кетти. Сот залына айыпталуучуларды алып киргенде алар уруша кеткен. Сот залында тартипти сактоого аракет кылган ички аскерлердин жоокерин алар сабап салышты.

“Мекен шейиттеринин” өкүлдөрү – алар 80дей киши сот ишине төрагалык кылган судья кеңешүү бөлмөсүндө өтө көп убакыт болгонун айтып нааразы болушту.

Милиция кызматкерлери мушташты токтотууга аракет кылышып, сот залындагы кишилердин баарын сыртка чыгарышты.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227504




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru