Айбат » Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотту

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотту

газ“УзТрансГаз” 16-июлдан тартып Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башкы директору Тургунбек Кулмурзаев маалымдады.

“Өзбек тарап кечээтен баштап Ош, Кайдаркан, Кадамжай, Кызыл-Кыяга газ берүүнү токтотту. Мен мунун себеби эмне экенин түшүнө албай турам. Эскертүү катында алар көгүлтүр отунду карыздан улам токтотушканын жазышкан, бирок кечээ күнгө карата биздин карыз 88 миң доллар болгон. Бүгүн биз 100 миң доллар төлөп бердик, бирок өзбек тарап газ берүүнү жаңылаган жок. Телефон чалсак азырынча алар жооп берише элек”,- дейт ал.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227502




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru