Айбат » Жумгал районунда 1-жарым жылдыкта кургак учук, сарык, мите курт оорулары көбөйгөн

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгал районунда 1-жарым жылдыкта кургак учук, сарык, мите курт оорулары көбөйгөн

article_zoom_1198_1Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына карасак, 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында  карасак өткөн жылга салыштырмалуу жугуштуу оорулардын катталышын карасак оору 131 учурдан 290 учурга көп катталган.

Аталган көзөмөлдөө борбору аймактык кабарчыбыз Мирбек Асаналиевге билдиргендей, жугуштуу оорулардын ичинен бруцеллез 6 учурдан 2 учурга, тери жана венерикалык оорулары 4 учурга, гонорея 1 учурга жугуштуу ичеги карын 25 учурдан 23 учурга азайганы менен кургак учук 13 учурга, сарык оорусу 3 учурдан 51 учурга, мите курт ооруларынан энтеробиоз 14 учурдан 45 учурга, аскаридоз мите курту 1 учурга өсүш берген.

Район аймагынан ит каап жабыркаган адамдардын саны 16 түзүп анын ичинен 14 жашка чейин 7 учур катталган. Азык-түлүк сырьесунун жана тамак-аш азыктарынан санитардык-химиялык көрсөткүчкө 100 анализден 239 изилдөө жүргүзүлсө анын ичинен талапка жооп бергендери 13, микробиологиялык көрсөткүчкө алынган анализдер 99 түзгөн.Бардык оору-сыркоолордун алдын алуу иштери боюнча калкка өтүлгөн семинарлардын саны 5, окулган лекциялардын саны 5, аңгемелешүүлөрдүн саны 50 түзгөн.

Булак: “Жумгал KG”

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru