Айбат » Балыкчыда 7-апрель окуясында курман болгондорго эстелик тургузулат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Балыкчыда 7-апрель окуясында курман болгондорго эстелик тургузулат

Балыкчы

Балыкчы шаарында 7-апрель окуясында курман болгондорго эстелик тургузулат. Мындай чечимди шаардын мэриясы жана Балыкчы шаардык кеңеши чыгарган. Бул тууралуу Ысык-Көл областынан кабарчы Шейшекан Жаналиева кабарлады. 7-апрель окуясында курман болгондорго тургузулуучу эстеликке 1 млн сом керектелет.

Эстелик Ысык-Көлдүн дарбазасы аталган Балыкчы шаарынын эс алуучу сейил бактарынын бирине орнотулат. Азырынча эстелик тургузулуучу жайдын орду тактала элек. Бирок эстелик тургузууга жумшалуучу акча каражаты чечилди. Белгилей кетсек, аталган калаадан эки жигит апрель окуясынын курмандыгы болгон.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227530




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru