Айбат » Индияда мектептеги тамактан ууланып 22 бала каза болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Индияда мектептеги тамактан ууланып 22 бала каза болду

1

Индиянын чыгыш тарабындагы Бихар штатында мектепте берилген тамактан ууланып жыйырма эки бала көз жумду. Дагы отуздай бала ооруканада жатат. Айрымдарынын абалы оор.

Бул шалаакылык окуяны иликтөө башталды. Алгачкы текшерүүлөр буурчакта курт-кумурсканы жок кылуу үчүн колдонулган фосфат болгонун көрсөтүүдө.

Балдарды кырсык тооруган кейиштүү окуя Бихар штатынын борбору Чхапра шаарынан сексен чакырым алыстагы мамлекеттик мектепте болду. Дармасати Гандаман кыштагындагы сегиз жана он бир жаш курактагы окуучу балдар буурчактын бир түрү болгон жасмык менен күрүчтөн жасалган тамактан ууланышканы айтылууда.

Балдарынан айрылган ата-энелер боздоп ыйлап, күнөөкөрлөрдү таап жазалоону талап кылышууда.

Отуздан ашык бала ооруканада дарыланып жатат, айрымдарынын абалы оор экенидиги айтылууда. Бул окуядан кийин жергиликтүү жашоочулар көчөгө чыгып, нааразылык билдиришүүдө.

Индияда мамлекеттик мектептерге балдарды көбүрөөк тартуу үчүн акысыз тамак берилет. Бирок тазалык тийиштүү деңгээлде сакталбагандыгы анын негизги көйгөйү.

Балдар арасында дагы өлүм-житим болобу деген чочулоо бар, анткени мектептеги тамактан ууланган он эки жашка толо элек балдардын айрымдарынын абалы оор.

Бихар Индиянын абдан жакыр жана калк өтө жыш жайгашкан штаттарынын бири.

Мектепте балдарды тамактандыруунун 1925-жылдан бери келаткан программасына бүт өлкө боюнча жетишпеген жакыр үй-бүлөлөрдөн 120 миллион окуучу тартылган.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru