Айбат » Жумгалда айрым көмүр казган ишканалар техниканы ижарага алып иштетишет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда айрым көмүр казган ишканалар техниканы ижарага алып иштетишет

DНарын облсунун Жумгал районунун Кара-Кече аймагынан орун алып көмүр отунун өндүрүп жатышкан ишканалардын айрымдары көмүр казуу техникасын ижарага алып иштетишет. Бул туурасында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалынын жетекчиси Белек Саманчиев аймактык кабарчыбыз Мирбек Асаналиевге маек куруп берген.

Анын айтымында, «өкмөт тарабынан техника жок, жардам жок болгондуктан өзүбүз эле карыздап мына көмүр чыкканда беребиз деп учурда ижарага 3 эксковатор алып келдик, «хобо» унаасынан 6 ны алып келдик, иштетүүгө күйүүчү майды да карыздап алып иштетип жатабыз»  – дейт Б.Саманчиев.

Ушу мезгилге чейин тазалоо иштеринде иштеп жатышат. Биздин филиал көмүр кени бар аймактын борбордук участкасынан көмүр өндүрөт. Былтыркы жылы Кореядан ишкерлер келип колдойбуз, каржылап беребиз дешкен, бирок “келет көрөт-кайра эле кетишет” корейлер  иштете турган болсо буга чейин иштетишмек эле да, канча жолу келип кетишти тиги техниканы алып келебиз бул техниканы алып келебиз деп.

«Анан туруп кайра биздин эски техникаларга жабышып ушуларды эле алсакбы деп кетишет» — деп кошумчалады ал.

Булак: “Жумгал KG”

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru