Айбат » Жумгал аймактык ооруканасында 1-жарым жылдыкта 1 млн 200 миң сомго дары-дармек сатылып алынган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгал аймактык ооруканасында 1-жарым жылдыкта 1 млн 200 миң сомго дары-дармек сатылып алынган

3255Нарын облусунун Жумгал районундагы Эркинбек Матыев атындагы Жумгал аймактык ооруканасы 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында тендер өткөзүшүп бөлүмгө 1 млн 178 миң 784 сомго дары-дармек сатып алышкан. Бул тууралуу аталган оорукананын 1-жарым жылдык отчетунда белгилүү болгон деп кабарлайт аймактык кабарчыбыз Мирбек Асаналиев.

Маалыматка карасак, дары-дармектен тышкары 304 миң сомго медициналык аппаратуралар болуп «кардиомонитор» «инфузомат», «отсос» ж.б жабдыктар менен толукталган. Оорукананын ар бир бөлүмүндө косметикалык оңдоо иштери 40 миң 500 сомдон жүргүзүлгөн.

Оорукана бул жылы 85 койка менен иштеп, 2013-жылдын 6 айына 1188 оорулу жатып дарыланса, 2012-жылдын 6 айына 1469 адам дарыланган, бул жылы 281 оорулууга аз жаткарылган. Ошондой эле ооруканага акушер-гинеколог, неонтолог, педиатр, хирург дарыгерлери жетишпей келет.Эске салсак, ооруканада адистештирилген стационардык жардам көрсөтүүдө 132 медициналык жана чарба кызматкерлери эмгектенишет. Анын ичинен саламаттык сактоонун 14 ардактуу кызматкери эмгектенет.

Булак: “Жумгал KG”




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru