Айбат » Ысык-Көлдөгү «Мейкин Азия» фестивалында жарыгы 15 чакырымга жеткен түстүү лазерлер колдонулат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Ысык-Көлдөгү «Мейкин Азия» фестивалында жарыгы 15 чакырымга жеткен түстүү лазерлер колдонулат

лазерЫсык-Көл жээгинде өтүүчү бүткүл дүйнөлүк «Мейкин Азия» эстрада ырчыларынын фестивалында түстүү жарык берүүчү лазерлер майрамдын көркүн ачат. Бул тууралуу аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, бүгүнкү эл аралык деңгээлде өтүүчү эстрада ырчыларынын сынагына техникалык жактан эң мыкты даярдыктар көрүлдү. Эстрадалык шаан-шөкөт өтүүчү жайдын аянты 400 чарчы метрди түзүп, 3 миң адамды кабыл алууга даяр.

Ошондой эле, концерт учурунда заманбап түстүү жарык берүүчү лазерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү болду. Түстүү лазердин жарыгы 15 чакырым жерге жетет.

«Мындай жабдуу Кыргызстанда, Казакстанда, Россияда орнотулган», – дейт уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, кароо сынактын жалпы байге фонду 10 миң доллар. Мындан тышкары, фетиваль учурунда 500 миң сом суммасында лотерея ойнотулат. Анда ар бир 10-киши утушка ээ болот.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru