Айбат » Таласта 0,5 га аянтка өстүрүлүп жаткан индиялык кара куурай өсүмдүгү табылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Таласта 0,5 га аянтка өстүрүлүп жаткан индиялык кара куурай өсүмдүгү табылды

конапляКечээ, 17-июлда Талас облусунун Кара-Буура районунун түштүк бөлүгүндөгү чоң тилкеден Талас чек ара отрядынын чөлкөмүндө чек арачылар тарабынан индиялык кара буурайдын мыйзамсыз айдалган аймагы табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жанан ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Талас чек ара отрядынын «Көксай» чек ара заставасынын аскерлерине чек ара линиясынан 2,5 чакырым алыстыкта бийик тоолуу чөлкөмдө 0,5 гектар индиялык кара куурай айдалгандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Чек арачылар ал жерден 3 миңге жакын түп өстүрүлгөн индия кара куурайын табышты.

Табылган өсүмдүк тууралуу укук коргоо органдарына кабарланды.

Тийиштүү документтер жол-жоболоштурулгандан кийин курамында баңги зат бар өсүмдүктөр УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлөт.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru