Айбат » Таластын Көк-Сай айылында Казакстанга суу берүүчү «Быстроток» каналы ачылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Таластын Көк-Сай айылында Казакстанга суу берүүчү «Быстроток» каналы ачылды

быстротокКечээ, 17-июль күнү кечки саат 17:30да Талас облусунун Көк-Сай айылында казак туугандарга суу берүүчү «Быстроток» каналы ачылды. Бул тууралу Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өкүлчүлүктүн коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жоомарт Момбеков билдиргендей, Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургундары коңшу Казакстандын чек ара белгилерин артка жылдыруу, «Көк-Сай» айыл аймагына «Чоң Клин» болуп кирип кеткен жердеги зым тосмолорду мал өткөрүү үчүн ачып берүү жана туура эмес алмашууга жаткан жерлерди калыбына келтирүү талабы менен аталган айыл аймагы аркылуу казак туугандарга өтүүчү «Быстроток» каналын 7-июль күнү таш толтуруп жаап коюшкан.

Андан бери бул чырга айланган маселени жеринде таанышып чечүү үчүн вице-премьер министр Токон Мамытов, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева жана башка тийиштүү жетекчилер, жооптуу кызматкерлер байма-бай Көк-Сай эли менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин алып барып турушту. Облустун жетекчиси Койсун Курманалиева атайын Жамбыл облусуна барып, коңшу облустун жетекчилери менен жолугушуп, чек арага байланыштуу маселени чечүүгө чоң аракеттерди жасады. Эл арасында такай түшүндүрүү иштерин алып баруунун натыйжасында кечээ кечинде казак туугандарга суу берүүчү «Быстроток» каналы ачылды.

Расмий белгилей кетсек, кечээ, 18-июлда «Азаттык» үналгысынан казак туугандарга суу берүүчү Киров суу сактагычы жабылды дегендей, туура эмес маалымат кеткен. Киров суу сактагычы эч качан жабылган эмес, жабылбайт дагы. Анткени, бул чоң стратегиялык объект болуп саналат, деп кошумчалады өкүлчүлүктөн.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru