Айбат » Бүткүл дүйнөлүк Универсиадада Кыргызстан 26-орунду ээледи

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Бүткүл дүйнөлүк Универсиадада Кыргызстан 26-орунду ээледи

Бүткүл дүйнөлүк универсиадада Кыргызстандын курама командасы эки алтын, эки күмүш жана сегиз коло медалына ээ болду.

117-июлда Казанда (Россия) Бүткүл дүйнөлүк Универсиаданы жыйынтыктоо аземи болуп өттү.

Универсиаданын расмий сайты маалымдагандай, Кыргызстандан барган курама 26-орунду ээледи. Бардыгы болуп сынакка 162 мамлекеттин спортчулары катышкан. Алардын арасынан 70 мамлекеттин спортчулары медалдарга татыды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курамасы бардыгы болуп 12 медаль алган. Алардын экөө алтын, экөө күмүш, сегизи коло медаль. Ал эми Универсиадада спорттун 12 түрү боюнча 98 кыргыз спортчулары ат салышкан.

2Таймаштын алгачкы күндөрүндө бел боо күрөшү боюнча Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков алтын медалга ээ болгон. Спорттун ушул эле түрү боюнча күмүш медалды Нагира Сарбашова ээлеген. Ал эми коло медалга Канимет Барпыбеков, Бекболсун Кушубаков жана Бурул Алыкулова татыган. Андан тышкары классикалык стилде (грек рим күрөшү) Нуржан Рыскул уулу, Дуулатбек Сапарбек уулу жана Кадыр Келсинбеков коло медалды утуп алган.

Бул жеңиштердин жыйынтыгы менен Кыргызстан Универсиаданын биринчи күндөрү алтынчы орунга чыккан.

Ошондой эле таймашта эркин күрөш боюнча Самат Надырбек уулу, аялдар арасында Айсулуу Тыныбекова күмүш медалдын ээси болгон.

Акыркы 12-медалды самбист Артур Тё багындырган.

3Универсиаданын жыйынтыгы боюнча 292 медаль менен биринчи орунга Россия чыккан. Бул өлкөнүн спортчулары 155 алтын, 75 күмүш жана 62 коло медалга ээ болгон. Экинчи орунга 84 медаль алып Кытай. Ал эми 77 медаль алган Япония үчүнчү орунду ээлеген.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227573




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru