Айбат » “УзТрансГаз” Кыргызстандын түштүгүнө газ берип баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “УзТрансГаз” Кыргызстандын түштүгүнө газ берип баштады

газопровод

“УзТрансГаз” кечээ кечинде Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү баштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Куралбек Наскеев билдирди.

“Газды өчүрүп салуунун себептерин айтышкан жок. Өзбекстандык шериктербиз түшүндүрмө беришкен эмес. Балким банк эсебин которууда техникалык бузулуулар болгон. Биз Өзбекстанга акча төлөгөнүбүз тууралуу кагазды факс менен жөнөткөндөн кийин газ берүү дароо жаңыланды”,- дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ болгон басма сөз жыйынында Өзбекстан газ берүүнү токтотконун “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башкы директору Тургунбек Кулмурзаев маалымдаган.

“Өзбек тарап кечээтен баштап Ош, Кайдаркан, Кадамжай, Кызыл-Кыяга газ берүүнү токтотту. Мен мунун себеби эмне экенин түшүнө албай турам. Эскертүү катында алар көгүлтүр отунду карыздан улам токтотушканын жазышкан, бирок кечээ күнгө карата биздин карыз 88 миң доллар болгон. Бүгүн биз 100 миң доллар төлөп бердик, бирок өзбек тарап газ берүүнү жаңылаган жок. Телефон чалсак азырынча алар жооп берише элек”,- деген ал.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227585




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru