Айбат » Жылдызкан Жолдошева Түлеевдин мэрлигин жылуу сөз менен эскерди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жылдызкан Жолдошева Түлеевдин мэрлигин жылуу сөз менен эскерди

Жолдошева Жылдызхан

“Шаардын азыркы акыбалын көрүп, экс-мэр Нариман Түлеев эске түшөт”, – деп бүгүн, 18-июлда экс-мэрдин иши боюнча сот жыйыны учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева айтты.

Анын пикири боюнча Нариман Түлеев Бишкектин тарыхындагы эң мыкты мэр эле. Экс-мэр менен кошо соттолуп жаткан башка айыпталуучулар тууралуу дагы жакшы гана пикир айта тургандыгын кошумчалады.

Парламентарий, сотко жактоонун бардык аргументтерин эске алып, айыпталып жаткандардын бардыгын актоону сунуштады.

Эске салсак, 2012-жылдын 29-октябрында “Ата-Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевге жана мэриянын бир катар чиновниктерине карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227595




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Бул эже качан тынчыйт?

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru