Айбат » Ушундай жай күндөрүндө кандай дарбызды тандап жешибиз керек?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Ушундай жай күндөрүндө кандай дарбызды тандап жешибиз керек?

Адистин кенеши

Мына азыр жайдын болуп турган аптап учуру. Ошондой эле агыл-төгүл болуп жер-жемиштер да четинен бышып жатат. Айрыкча коон-дарбыздар ар бир үйдүн дасторконун көркүн ачкан кез. Бирок айрым учурда дарбыздан ууланган үй-бүлөлөр да жок эмес. Кантип дарбызды тандап алуу керек? Биз сиздерге адистин кеңешин сунуштоо максатында Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчисинин орун басары Шамен Сыдыковго кайрылдык.

арбуз

-Шамен ага учурда жашылча-жемиштердин бышып турган кези. Сатып алуучулардын ден соолугуна кам көрүү үчүн кандай иштерди аткарып жатасыздар?

-Дарбыз боюнча бизде атайын көзөмөл бар. Бишкек шаары боюнча азык-түлүк сатылган чоң 23 базар бар. Ошол базарлардын дээрлик баардыгында мындай толуп турган жай күндөрүндө дарбыз сатылат. Бизде жалпы 145 адам эмгектенебиз. Ветеринар кызматкерлеринин коон-дарбызды текшере турган атайын апараттары бар. Алар текшерүүгө алганда коон-дарбыздардын нейтраттарын башкача айтканда дарбыздын көлөмүндө канчалык уулуу зат бар, канчалык деңгээлде жер семирткич себилип өстүрүлгөн мунун баары айкын болот. Алардын колунда кармап жүргөн тез текшере турган дагы приборлор бар. Ошол жерде баарын көрсөтөт. Алгач дарбыз негизинен түштүктөн келет. Айрыкча Жалал-абад областындагы Шамалды-Сай өрөөнү дарбыздын мекени деп айтылып келет. Кийин кайра түштүктөгү дарбыздар түгөнө баштаганда Чүй өрөөнүндө бышкан дарбыздар түштүкө жөнөтүлөт. Жалпысынан дарбыздар жер-жемиштерди дүңүнөн сатуучу “Дыйкан” базарына түшүп, чоң-чоң жүк ташуучу машиналарда сатылат. Ошол жерден анан сатып алуучулар шаардын туш тарабына алып кетишет. Майда базарлар дагы биз тараптан көзөмөлдөнүп турат. Дарбыздагы нейтраттын көлөмү 40 милиграмм болушу керек. Эгер андан өйдө болсо биз дарбызды сатууга тыйуу салабыз. Бул адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. “Дыйкан” базарында жакында эле бир ошондой окуя болду. А. Акматов деген адамдын түштүктөн алып келген дарбызында нейтраттын көлөмү көп болуп сатууга дароо тыйуу салдык.

-Дарбыз сатып алуучуларга адис катары кандай кеңеш бересиз?

-Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы тарабынан уруксат берилген кагазы барбы деп талап кылуулары зарыл. Көчөлөрдө, жолдордун боюнда дарбыз сатуучулар да көп. Биз буларды да жалпы көзөмөлгө алып жатабыз. Дарбызды алып жатканда чертип көрүп, кестирип даамын көрүп алыш керек. Айрымдар дарбыздын жарымын жеп жарымын сактап коюп жешет. Сактоо мөөнөтү өтүп кетсе дагы адамдын уулануусуна алып келет

- Мисалы түштүктөн келген дарбызды дүңүнөн “Баткен” базарынан алышат. Анан дүкөндөрдө көпкө туруп калат. Булар сатып алуучулар үчүн кооптуубу?

-Эми дарбыздын бир айга чейин жетилүү убактысы бар. Бир айга чейин муздак жерде турса жакшы эле сакталат. Биз дүкөндөрдөгү коон-дарбыздарды да көзөмөлдөйбүз. Жогоруда айтылгандай эле дүкөндөрдөн деле санитардык көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу кагазды талап кылсаңыздар болот. Адамдын коопсуздугу өзүнө керек. Өздөрү жакшы көңүл буруш керек.

- Жолдун жээгинде кырка тизилип сатылган дарбыздар ден соолукка зыян алып келээрин адистер белгилеп келишет…

– Жашылча жемиштер көмүр кычкыл газын өздөрүнө тез сиңирип алышат. Темирязевдин өз закону бар. Биологиялык процесс болуп жашылча-жемиштер көмүр кычкыл газын өздөрүнө сиңирип алып кайра кислород бөлүп чыгарышат. Ошондуктан биз ар убак коон-дарбызды жолдо сатууга тыйуу салып келебиз. Бирок жашоо ушундай, болбой эле сата беришет. Баарын кайра көзөмөлдөөгө биздин кызматкерлер жетишпей калабыз.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227515




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru