Айбат » Эльзат Абдраимова, теле алып баруучу: “Бир жылдын ичинде күйөөгө тийем…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эльзат Абдраимова, теле алып баруучу: “Бир жылдын ичинде күйөөгө тийем…”

Абдраимова

-Элзат айым, адегенде эле америкадан баштабай алгач өзүўүз тууралуу айтып бериўизчи?

-Ушул суроону бергенде эле Жумгал районунда орун алган Эпкин айылы эсиме келет. Анткени, ушул айылда бактылуу балалыгым өттү. Ал кезде менин эў жакын адамым атам тирүү эле. Атам 9-класста окуп жүргөнүмдө кайтыш болду. Ыйладым, боздодум, көзүм жашка толду…  Тилекке каршы тирилип келген жок. Мен эмне десем ошону аткарып, мен үчүн үйрүлүп турчу эле… Апам мугалим, атам да мен сыяктуу чыгармачыл адам эле… сүрөтчү эле… Сүрөтүн тартып жатып ар кандай кыялдарга батып, эркелетүү менен чекемен сүйүп туруп анан акыл айтып, туура иштерди кыл, жаса деп акыл айтчу эле. Бирок, үй-бүлөдө орто өскөнүм менен эркеликти башыман өткөргөн жокмун. Ошол кезде апам  аял затына тиешелүү жумуштун ар кандай түрүн үйрөтүүгө далалат жасап, жумшап турчу. Өз кезегинде жакшы түшүнбөптүрмүн, азыр түшүнсөм, турмуш деген өтө татаал турбайбы, кандай гана учур болбосун билгичтигиў жолдо калтырбайт экенине ынандым. Аял затына тиешелүү болгон оокаттарды үйрөнүүгө жетиштим…  Бирок, айымдарга тиешелүү оокаттарды аткарганды билгеним менен кийингеним мырзача кийиним жүрчүмүн… Тааныбагандар эркек бала го деп таўданып калгандарын көрүп калчумун…

-Окуучулук кезде ким болгуўуз келчү эле?

-Эмнегедир ырчы болгум келчү. Үйүбүздүн бир бөлмөсү биздин сахна болуп, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиевалардын ырларын созолонтуп, кадимки ырчы сезип ырдачумун… жарашабы, жарашпайбы, окшошбу, окшошпойбу, анысына карачу эмесмин…  Апам мени ырчы катары элестете албай, карамайынча каршы болуп туруп алды. Ошентип, ырчылыкка келбей калдым. Бирок, актриса болом деп туруп алдым. Буга да каршы чыкты. Акыры эмчи айым болосуў деген талап койду. Ага каршы болбодум, жыйынтыгы жаман болгон жок. Орто медициналык окуу жайына өттүм. Инимдин ооруп калгандыгына байланыштуу, бейтапканада карап калдым.

-Анан кантип журналист болуп калдыўыз?

-Ички жандүйнөмдөгү ырчы, актриса болуу сезимдерим күчөп жатты… Аны ойлосом уйкусуз түндөр, тизмектелди… Күндөрдүн бир күндөрү байкем БГУнун жанына көчүп келди, ушундан пайдаланып журналистика факултетине окуп калдым.  Мындан улам журналистикага болгон кызыгуум артып, мен көрбөгөн телекөрсөтүүлөр, макала, радиоугуулар калган жок. Үлгүрүшүнчө баардыгына баам салып турчумун. Теория менен практиканы айкалыштуур максатында практикаларга чоў телеканалдардан өткөрүп жүрүп, окуумду ийгиликтүү аяктадым.  Ошол маалда журналистиканын теле жагы абдан жагып, ЭлТР каналына кабарчылык кызматтан ишмердүүлүгүмдү баштадым. Ал жактан көптөгөн жакшы күндөр, кызыктуу мүнөттөр менен коштолуп бир топ тажрыйба топтоп, алтургай эфирге чыгара турган редакторлукка чейин жетиштим.  Кызыгуу болсо, эўсөө болсо бардыгына жетишсе болоорун далилдедим… Үй-бүлөдөгү тарбиям дагы ушул эле… Баштаган ишиўдин майнабын чыгар деген…   Баягы мен суктанып жүргөн Шайыр Абдырахман уулу, Эрнис Кыязов, Рахат Сулайманов деген кыйын журналисттердин кол алдында иштөө мен үчүн абдан сыймыктануу болду. Эрнис Кыязов менен көп убакытка иш алып бардык. Билбеген нерселеримди үйрөнүүнүн үстүндө 1 жарым жылдан ашык убакыт чогуу иштештик. Азыркы ишим Сары Өзөн МТРКсында жумушчу керек деген маалыматты угуп ушул жакка ишимди улантып калдым.  Учурда  СТВ деген жанылануу аты менен чыгып жаткан канал учурда Чуй аймагын камтыган берүүлөр үзбөй кетип турат…

-Максатыма жеттим деп эсептейсизби?

-Эч качан. Анткени, мен али жашмын. Алдыда багындыра турган ийгиликтерим көп деп ойлойм. Адам баласы максатты ченемсиз коюп алабыз, максатыма 100 пайыз жеттим деген бир да пенде болбосо керек. Эў алгач ишти алып барууда өтө чоў жоопкерчилик керек.  Мындай сапат менде бала кезимен эле калган. Ушундай мүнөзүмдөн улам жетекчилик мени башкы редакторлук кызматка койду. Учурда чакан коллектив иш алып баруудабыз. Баардыгы болуп 30 дан ашык  кызматкер эмгектенет. Биздин каналды Чүй аймагы гана көргөндүктөн, КТР ге да Чүй аймагы боюнча жанылыктарыбызды жумасына 2 ирет көрсөтүп турабыз… Албетте, максатты чоў коюп, ага жетүүгө талпына бериш керек. Сөзсүз жетет. Үй-бүлө куруп, эне болуу бактысына жетүү да бул максат.

-Үй-бүлө деп калдыўыз, сүйлөшүп жүргөн жигитиўиз барбы?
-Бул боюнча азырынча сыр кылып турайын… Себеби, шардана кылуу менен айрым бир пландарыўды ойрондотуп алышыў мүмкүн.  Бирок, 1-2 жылдын ичинде турмушка чыгуунун пландаштырып жүргөнүмдү айтып коёюн…

Билими: Жогору, К. Карасаев атындагы БГУ

Кесиби: журналист

7 бир туугандын төртүнчүсү

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

Хоббиси: сууда сүзүү, китеп окуу, саякаттоо

Жактырган гүлү: роза, ромашка ж.б.

Жашоодогу урааны: “ишти башта, баштагандан кийин аягына чык, аягына чыга албайсыўбы ишти баштаба”

Маектешкен Аида Ишенгулова

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru