Айбат » Бул мадам эмне болгон адам?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бул мадам эмне болгон адам?

кол өнөр“Кыял”, десе, кыйкырып түшүнөн чочуп ойгонгон Чочунбаева деген мадамдын бүгүнкү неадекватный сөздөрүнө биз эмес, колтугуна суу бүркүп, бали-бали! – деп жанында жүргөндөр да түшүнбөй калышты. 3 жыл бою кырчаңгы жоор аттай “Кыялга” капталын сүрө берип, “синдром безотчетности” илдетине кабылган бул пендеге бир чети бооруң ооруйт. Өзү жана жан жөкөрлөрү унута башташса, шилекейлерин чачыраткан доо-арыздарын кайрадан эстерине салалы: “Кыялды” мамлекет гана көзөмөлдөшү керек! Жетекчисин өкмөт гана дайындашы керек!”.

Бул эки фраза 3 жыл бою тынбай кайталана берип, Чочунбаева өз фамилиясын “Попугаевага” кантип айлантып алганын сезбей да калды окшойт.

Чочунбаева өзүн суу кошпогон демократ, батыштын модерн түшүнүгүн алып жүрүүчү “жаңы кыргыз” катары баалайт. “Демократия – эл бийлиги” деп которулганы менен  кеп анын практикалык маани-маңызында экендигин биле бербесин ал “Кыялдын” коллективине жасаган мамилесинен көрсөттү.  Үстөккө-босток жазган арызын текшерүүгө жөнөтүлгөн  57 ревизорлордун өздөрү суй жыгылганы аз келгенсип, коллективге ал канчалык моралдык да, материалдык зыян алып келди. Ар бири куру десе бир айлап жүргөндө, жалаң Чочунбаеванын айынан Өкмөт аларга 600 миңге жакын сом акча каражатын сарптады.

“Кыялга” жана аны түптөп, азыркы атак-даңкына чейин жеткирген жетекчиси Султанбек Макашовго кыянатчылык бут тосуулар башталганда Кыргыз Эл акыны Омор Султанов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору Аскар Исаев, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана башка  бир топ көрүнүктүү адамдар “Кыял” – жалаң гана ишкана эмес, улуттук өнөрдү сактоочу, өнүктүрүүчү касиеттүү жай экендигин, ага аяр, камкоор мамиленин зарылдыгын айтып чыгышты.

Таңгаласың, булар ким? Чачын саксайтып, жоолугун булгалаган Чочунбаева ким? “Кыял” ишканасы боюнча Президенттин жакынкы сунушунда да Чочунбаева тааныгысы келбеген коллективдин өзгөчө ролу белгиленди. Анда мындай сүйлөмдөр бар: “Кыялдын” коллективи көрсөткөн адамды Өкмөт бекитсин”. Мамлекет башчысынын бул сунушу Жогорку Кеңештин токтомунда да баса көрсөтүлгөн. Муну эшитпесе “Попугаеванын” кулагына угуза кыйкырып айтар достору жокпу?

Азыр бул мадам “Кыялды” мамлекет гана көзөмөлдөп, жетекчисин Өкмөт гана дайындашы керек” деген жүз кайталаган чакырыгынан 180 градус терс бурулуп, “Кыялды” коомдук уюмдарга, жеке менчик ишкерлерге бериш керек!” деген жаңы ураанга өттү.

Суроо туулат: Бүткүл Кыргызстандын кол чеберлеринин атынан мындай бүтүм чыгарганча ага ким полномочие бериптир?! Экинчиден, 2015-жылы Италиянын Милан шаарында өтүүчү ЭКСПО деп аталган Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө кызуу даярдык жүрүп жаткан кезде жалаң мадам Чочунбаеванын кесепет-кесиринен  анын этегин кармап тегеректеп жүргөн элдик чебер-уздар ага кашайып катышпай калганы отурат. Анын дагы бир башкы себеби – Чочунбаеванын келини Айнура Бозгунчиева Шаңхайда өткөн көргөзмөдө чеберлердин буюмдарын сатып, налогун Кытай тарапка төлөбөй качып кеткендигинде. Ал чырды Кыргызстан соода өнөр жай палатасы эптеп дипломатиялык жол менен тынчытты. Ушундай алдамчылык амалдарга барган Чочунбаеванын компаниясы карап туруп эле өз тагдырларына  өздөрү балта чабышты.

Чочунбаева көп эле чаласабаттанбай Президенттин мындай дагы бир Указын окуп койсун: “За большой вклад в развитии национального прикладного искусства закрепить здание. За коллективном Национального объединения народных художественных промыслов “Кыял”!

Кыргызда Уялбагандан өзүң уял” – деген акылман – кеңеш бар. Деги, бул мадам эмне болгон адам? “Кыялга” кайнаса каны кошулбаган, пайгамбар жашына келгенде чет  өлкөлүк фонд, сонддор менен чырмалышып, көр оокатын эптеп өткөрүп келаткан бул аял соңку 3 жылда эмне эле “Кыялга” асылды да калды? –  деген таңгаларлык суроо туулат. Ал же “Кыялды” 1986-жылы курбаса, курулуш чаңдап жатканда “республикалык курулуштардын прорабы” аталган Турдакун Усубалиевичтин жанында турбаса, “майна!”, “вира!” – деп кыйкырбаса, кыш, кум көтөрүп, көлөчү жыртылбаса, цехтеринде көчүгүнөн түртүп ийне сайбаса, эл тааныган өнөрү үчүн сыйлык-наам албаса, анан бул мадамдыкы – эмне деген далбаса?!

Анын далбасасында бир гана сыр бар. 3 жыл бою күн тынымын, түн уйкусун алган канталаган кызыл көз максаты – “бышылуу тамактын күйүтү” экендигин канча ирет далилдеп айттык, далилдеп жаздык. Ал маалыматтардын чындыгына миңдеген окурмандар, эл-журт, “Кыялдын” күйөрмандары күбө.

Бүгүн дал “Кыялдын” имаратында эмгектенип жаткан 630дан ашуун элдик чеберлердин атынан өнөрүбүзгө чоочун Чочунбаевага айтаарыбыз: “Кыял” – элдики, анын пайдубалын түптөп, анда нечен жылдап иштеп жаткан коллективдики. “Эшиктен келип, төр меники!” дегендерге жол бербейбиз. Мамлекеттик кирешелүү ишкананын ишине коомдук уюмдардын эч кандай тиешеси жок! Чочунбаева атактуу кинофильмдегидей “өз койлорунун жүнүн мамлекеттик жүн менен алмаштырганын” эртелеп койсун!

Бизге ал мадам дагы да баш-бакса, белгилүү ырдагыдай:

“Эй, ты кто такой, давай, досвидания!” – деп айтабыз.

 

Кыргыз Республикасынын көркөм кол өнөрчүлөр палатасынын

Президенти Абдуллаев М.Т.

 “Кыял” Улуттук кол чеберлер ишканасынын

коллективинин атынан профсоюздук

уюмунун төрайымы Саткеева З.Д.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru