Айбат » Белек Саманчиев:“ Жумгалда көмүрдөн көйгөй болбошу керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Белек Саманчиев:“ Жумгалда көмүрдөн көйгөй болбошу керек”

D

“Күз келе жатат, андан кийин кышта бар” – өлбөгөн жанга кышта келет дегендей, бул жылы кыштын камын көрүү аймактардагы көмүр казган ишканаларда даярдыктар болуп жатканы жакшы саамалык. Нарын облусунун Жумгал району “кара алтынга”  бай экенин айтпасак да белгилүү эмеспи, көмүрдүн бир канча көлөмү райондун Кара-Кече аймагынан орун алса, сапаттуу делген көмүрдүн түрү ушул аймакты ээлеп келет. Мурдагы “Беш-Сары” андан кийинки, ортодо чуу айланган “Кара-Кече”, эми кайрадан мамлекеттин карамагына карап азыркы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы, жакында эле аймактан өздүк филиалын ачып иштеп жаткан кездери. Учурда “Кара-Кече” аймагындагы абал менен кышкы мезгилге даярдыгы туурасында мамлекеттик ишкананын филиалынын жетекчисин сөзгө тарттык.

-Белек мырза, сөз башында өзүңүз тууралуу тааныштыра кетсеңиз?

-Мен Саманчиев Белек Закирович 1961-жылы Чаек айылында туулгам. Иш жолумду алгач техникалык училищада мастер жаатында 12 жыл эмгектендим, андан соң Дозартта 3 жыл иштеп, 1996 жылдан бери Кара-Кечеде таразачы болуп 11 жыл кызмат өтөдүм. Андан кийин Мотуев барган учурларда 3-4 жыл бош жүрүп, азыр Кара-Кечеде бул жылдын 23-мартынан баштап Кыргызкөмүрдүн Кара-Кече филиалын жетектеп келетам. 5 кызым 1 уулум бар, улуу кыздарым турмушка чыккан экөө студент бири үйдө мектеп жашында.

-Сиз жетектеп жаткан аталган мекеменин филиалында канча кызматкер эмгектенет жана алдыда кандай пландарыңыздар бар?

-Филиалдын курамында жалпы 105 адам, анын ичинен аппаратта 10дон ашык кызматкер эмгектенип келебиз. Азыркы маалда  көмүрдү ачып атабыз, 10-15 күндүн ичинде 40 миң тонна казууну пландап турабыз. Бул жылы жалпы жонунан 100 миң тонна казып чыгарууну пландоодобуз.

- “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынында  техникалык абал кандай?

-Чындыгында техникалык абал абдан начар болууда. Мамлекеттик ишкана болуп аталганы менен өкмөттөн бир да техника келген эмес. Андыктан  техниканы ижарага алып иштетүүгө мажбурбуз.

-2012-жылы  Кореялыктар каражат бөлүп, көмүр иштеткени жатканы туурасында маалыматтар кеткен эле, буга кандай комментарий бере аласыз?

-Мындай маалыматтардын чыгып жатканы туура эле маалымат, бирок, Кореядан келгени менен көрүп эле кайра эле кетип калышууда. Алардын айрымдары  биздин эски техникаларга жабышып, ушуларды эле алсакпы деп кетишет, эч натыйжа жок. Бир сөз менен айтканда ал ишкерлерге ишеничтин кажети жок болуп калды өңдөнөт.

-Албетте, алгач  техника  керек, ансыз иш алдыга жылбайт деңизчи… Бирок, ишти кантип алдыга жылдыруудасыздар?

-Сиз айткандай эле абал абдан оор. Көмүр казуучу техникалык каражаттардын жетишсиздигинен, өкмөттү эле карап отура бербестен узак мөөнөткө карызга техника алып, акчабыз болгонжо берип, эптештирип жолго салып жатабыз. Негизинен эле азыркы абал ушундай… Азыркы маалдагыны мисалга алсак,   3 эксковатор, дагы башка майда-чүйдө техникалардан 6 ны ижарага алдык. Муну менен катар эле  күйүүчү майды дагы карыздап алууга аргасыз болуп жатабыз… Ушундай кырдаалдан улам ушул мезгилге чейин тазалоо иштери менен алектенип, бүтө элекпиз…

-Канткен күндө деле продукция өндүрүп жатпайсыздарбы, техникалык каражаттардан алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө болобу?

-Болот. Биз өзүнчө болуп бөлүнгөн соң, мындан аркы иштер өздүк эсеп менен жүргүзүлүп турат. Эсеп-кысап иштери дагы филиал болуп өзүнчө бөлүнгөн, бирок, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын алдында экенин эске алышыбыз керек. Бул жылдан баштап 100 миң тоннадан көмүр өндүрүрп чыгууга жетишсек, өз чөнтөгүбүздөн техникаларды алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишеним бар.  Техникалардын жоктугунан иш аксап отурганы аз келгенсип, кызматкерлердин айлык-маяналарын бере албай кыйналуудабыз.  Ага кошул-ташыл болуп өзүбүз турган аппараттын дагы имараты ижарада турат.  Ал эми жергиликтүү тургундар болсо   атайын коомдук кабылдамалардын ачылышын талап кылып келүүдө. Ушул кржы капаатчылыгынан чыгуунун жолу катары көмүрдү көп өндүрүп, кирешени арбын түшүрүү максаты турат. Мисалы, былтыр 87 миң тонна көмүр өндүрсөк, быйыл 100 миң тонна көмүр өндүрүүгө белсенип турган чагыбыз.

-Коомчулукта жергиликтүү тургундардын дагы көмүр менен камсыз болбой жатышы айтылып келет. Эмне себептен өз жеринде көмүр кени туруп жетишпей жатат?

-Туура башка аймактарга салыштырмалуу, анча-мынча жеңилдиктердин болуп турушу зарыл. Анткени, кен чыккан, ден-соолукка зыян алып келе турган жерде жашап жатат. Ошол жагынан алып карап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, багар көрөөрлөрү жокторго, жетим-жесирлерге акысыз көмүр берип келебиз. Ал эми ушул кышта айылдарда топ базаларды ачуу менен жергиликтүү тургундарды арзан көмүр менен камсыз кылуу жагын карап жатабыз.

-Кайсы жерде акча болсо, ошол жерде “коррупция” ышкырык салып жүрөт эмеспи… Сиздер бул балээ менен кантип күрөшүп жатасыздар?

-Коррупцияга багытталган иштерди жөнгө салуу үчүн ички иштер органдарына, министрлике кайрылып атабыз. Албетте, сиз айткан балээни тыйыш кыйын экен да… түп тамыры менен эмес, акырындык менен азайтууга болгон аракеттерди көрүп жатабыз.  Андыктан ачык-айкындуулук менен тендерлерди өткөрүү сыяктуу коррупция деген атың өчкүрдөн арылууга болгон далалаттарыбыз бар.

-Сиздин оюуңузда Жумгалда акыркы мезгилде кандай иштер аткарылып жатат?

-Биздин райондо аткаргандан да аткарыла элек иштер көп. Албетте, адамзат пендеси жаралгандан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөр толук 100 пайызга аткарылып кетиши өтө кыйын. Андыктан ар ким өзүнүн алына жараша иш кылат. Жумгалдын акими Адылгазы Имангазиевич да,  дубан башчысы Канатбек Муратбеков да көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттерди жасап келе жатканы байкалууда.  Көзгө көрүнүп жаткандарынын бири катары айтсак, каралбай калган эс алуу жайларыбыз, ички жолдор, айылдардагы тартылып жаткан инвесторлор булардын баары ушу адамдардын аркасы менен аткарылып келет. Райондо жылыш бар, өзгөрүүлөр болуп жатат.

-Сөзүңүздүн аягында, район элине элине каалоо-тилегиңиз?
-Элибизге көмүр казып, камсыздап жаткандан кийин адегенде куттукктоону жылуулуктан баштайын.  Кайратман элибиз, кыштан жылуу чыгып,  ар бир үй-бүлөдө жылуулук болуп, ден-соолуктары чың болуп жалпы журтубуздун үйүндө, жарыктык жана жылуулук, токчулук болсун. Ал эми эл үчүн иштеп жүргөндөр элдин көйгөйүн чечүүгө кам уруп,  арзан баада көмүр менен камсыз кылууга жетишели! Бар бол, кыргыз элим!!!

Мирбек Асаналиев

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru