Айбат » Кадыровдун казалы, кадрлардын азабы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кадыровдун казалы, кадрлардын азабы

Кадыров Кубанычбек

2010 жылдын  августунда  «Ак Үйдү басып алып  премьер-министр болууну каалаган» айтылуу У.Барыктабасовдун эски оорусу козголуп, көнгөн адатын карматып  жердеши К.Кадыров менен бирдикте бийликти басып алууну  пландаштырышат.  Бул  учурда  К.Кадыров КР ИИМ министринин орун басары кызматынан кеткен мезгили. Барыктабасов   пландар ишке ашса  Кадыровго  министрлик орунду  алып берүүнү убада кылат. Алгач Урмат  Кадыровдордун үй-бүлөөсү эл чогултуп,   Кубанычбектин атасы Кыдыкбаев Бекбосун эки бээни курмандыка чалып, жергиликтүү аксакалдардан  бата алууну талап кылат.  Ошол учурда Кадыровду ИИМдин Кылмыштарды иликтөө башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн башчысынын бири М.Исмаилов жандап жүргөн. Ага  ИИМдин КИИБ башчысы же болбосо Ысык-Көл   облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысынын кызмат орундары сунушталган эле…

«Алия» мейманканасынын жанында элдер чогулганда алардын арасында милициянын опер тобунун эки кызматкери  болгон. Милициянын министри жүргөн жерде башкалар келүүгө болбойбу же Кадыровдон кандайдыр бир көрсөтмө болгонбу, кыскасы эч себепсиз чогулгандар  милицияларды кармап алып ур-токмоко алышкан. Төпөштөлгөн милицияларды «эмне кылабыз?»- деп Кадыровго  кайрылышканда экс – ИИМ министринин орун басары «жайлап салгыла!» деп гана басып кеткен. Мына, Кадыровдун чыныгы жетекчилик жүзү! Жетекчи болбосоң кое кал! Кудай жалгап, мылтык үнү жаңырбай, милициялар тирүү калган.  Кубанычбектин жигиттери эки милициянын колу-бутун таңып, сарайлардын бирине таштап салышкан.  Көгала болгон  кызматкерлер КР ИИМинин жеке коопсуздук кызматына көрсөтмө беришет. Кара жанын сактоо үчүн милициялар кийинки берген көрсөтмөлөрүндө алгачкыларын жокко чыгарып, «бизди тындым кылгыла!»-деп эч ким так буйрук берген эмес  дегенге чейин барышкан. Албетте, ал учурда акчанын күчү менен милициянын оздорун майлаган, каршы көрсөтмө берилген эмес.  Бул  бир жагы. Экинчи тараптан  аларды коркутуп коюшу да  ыктымал. Анткени мындай иште Кадыров эчкимди алдына салбасы эчактан бери белгилүү эмеспи. Бир опердин  фамилиясы Орунбеков, экинчисинин аты Мирлан. Акыры, окуяны жаап-жашырууга болбой калганда  Кадыров  КР ИИМинин ошол кездеги министри К.Байболовго кирип, кылган күнөөлөрү  үчүн кечирим сурамыш  болгон.  Бул окуя К.Кадыровдун бейнесине болгон бир гана сүртүм… Четинен казсак улам кызыктуулары чубала берет. Кыскасы, Кадыровдун ишмердүүлүгүндө киши кубантаарлык эч нерсе жок. Бар болгону мыйзамсыз кызмат креслосу, кызылдай акчалар… Сөз  кылууга арзыбаган инсан.

Булак: Мекендештер

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru