Айбат » Туризмди өнүктүрүүдө Кыргызстанга Болливуддун жардамын сунушташты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Туризмди өнүктүрүүдө Кыргызстанга Болливуддун жардамын сунушташты

1Индиянын мамлекеттик соода жана өнөр жай министри Кыргызстанда кино тартууну сунуштады. 18-июлда Индиянын мамлекеттик соода жана өнөр-жай министри Дагубати Пурандесвари биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен болгон жолугушуусунда Кыргызстанда болливуд киносун тартууну сунуштады. “Эгер сиздер сүйүү баянын жазсаңыздар, Болливуд Кыргызстанда кино тарта алат. Бул өз кезегинде Индиядан жана башка мамлекеттерден туристтердин келүүсүн шарттайт. Биздин тарткан кинолор көптөгөн мамлекеттерде популярдуу”,- деди ал. Министр айым Болливуд буга чейин Швейцария тууралуу кино тартканын кошумчалады. Жыйынтыгында Индиянын туристтери бул мамлекетке агылып бара баштаган. “Азыр биздин туристтер жаңы мамлекетти көрүп, билгиси келет. Бишкек менен Делинин ортосун учак менен эки саатта учуп өтсө болот”,- деп кошумчалады ал.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru