Айбат » Казактар жер талашты жылкы тиймей менен баскысы келеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Казактар жер талашты жылкы тиймей менен баскысы келеби?

cууКыргызстанда чек ара маселеси көйгөйлүү бойдон калып келет. Буга чейин Тажикстан жана Өзбекстан чек араларында чыр-чатактар көп катталып келсе, эми Казакстан менен чектеш аймакта жаңжал жаралды. Маселен, Талас облусунун Көк-Сай жана Кайнар айылдарындагы жер талашы азырынча бир жаңсыл боло элек. Ал эми 11-июль күнү казак чек арачылары 9 кыргыз жаранын Көк-Көл жайлоосунан кармап кетишип, камап салышкан.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылынын тургундары малы менен кыргыз-казак чек арасындагы  Көк-Көл жайлоосун жайлашат. Бул жайлоодон өткөн кыргыз-казак чек арасы делимитация жана демаркациядан  өткөнү менен чек араны бойлой тикен зым тартылган эмес. Ошондуктан жайылган мал кээде тияк тарапка жайылып өтүп кеткен учурлар көп болчу. Казак баурдастар буга чейин ага анча деле көңүл бөлчү эмес. Бирок  кечээ жакында чек арадан казак тарапка жайылып өтүп кеткен 846 баш кой жана 18 баш жылкыны кайра айдап чыгабыз деп кирген 9 кыргыз жаранын казак чек арачылары кармап алышып, малы менен кошо айдап кетишкен. Бул окуя Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар айылынын тургундары Казакстан тарапка аккан Жинди-Суу суусун бууп, 7-июлдан бери суу бербей жатканына карата жообу болгонбу, азырынча белгисиз.

Кыргыз чек арачылары менен жергиликтүү бийликтин сүйлөшүүсү аркылуу  846 баш кой жана 1 жаран бошотулуп алынды. Калган 8 киши Казакстандын абагында олтурат. 18 баштан турган бир үйүр жылкы да кайтарыла элек. Аларга чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн деген айып тагылып, казак мыйзамы менен соттойбуз деп жатышат. Буга чейин ошол эле Түп районунун 2 тургуну ушундай эле айып менен 6 ай абакта жатып чыгышкан.

Баса, кармалган малчыларды чек арачылар курал алып жүрөт деп күнөөлөп жатканы да айтылууда. Албетте, ар бир эле чабан малын ит-куштан кайтарыш үчүн курал алып жүргөнгө аргасыз. Мындай коомдук резонанс жараткан окуя боюнча президенттин да, премьер-министрдин аппараты да али үн каткан жок. Камалган 8 кыргыз жаранын өкмөттүк деңгээлде бошотуп алуу аракеттери али белгисиз. Бул биздин бийликтин алсыздыгыбы же элдин кайдыгерлигиби? Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы 1241 чакырымды түзөт. Чек араны тактоо 2008-жылы аяктап, эки тарап тең аны расмий түрдө тааныган.

Бул ортодо Бишкекте Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 20-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунда өзбек чек арачысынын колунан каза болгон Бакыт Тагаевдин туугандары митинг өткөрүшүүдө. Алар “Бакытбектин 5 уулунун убалы кимге?”, “Бакытбектин өлүмүнө ким жооп берет? Фашистпи же коркок мамлекетпи?”, “Убалдан коркпогон фашисттер!!!” сыяктуу сөздөр жазылган плакаттарды колдоруна кармап турушат. Бул факты боюнча күнөөлүүнү жазалоону талап кылышууда митингге чыккандар.

Булак: “Жаңы Агым”(М.Э)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru