Айбат » «Ата-Мекенчи» депутат Алтынбек Арзымбаев кайрадан камакка алынды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Ата-Мекенчи» депутат Алтынбек Арзымбаев кайрадан камакка алынды

Арзымбаев18-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришкендей Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурда күнү, 16-июлда Кара-Көл шаардык кеңешинин “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Алтынбек Арзымбаевди эми анын үстүнөн түшкөн арыз боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин алдамчылык (мошенничество) беренеси боюнча 1 айга камакка алды. Алтынбек Арзымбаев ири өлчөмдөгү алдамчылык менен айыпталып, тергөөнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө. Эсиңиздерге сала кетсек, жакында эле Алтынбек Арзымбаев бир кишини өлтүрөм деп коркутуп, тапанча менен аткандыгы үчүн абакка алынып, 2 ай абакта олтуруп чыккан жана тергөө жүрүп жаткан. Буга чейин ИИМ экс-министри Зарылбек Рысалиев “Алтынбек Арзымбаев “Жин” деген каймана ат менен Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде оперативдүү учетто турат”, деп билдирген.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru