Айбат » Америка кыймылдай баштады…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Америка кыймылдай баштады…

АКШ“Манас” аэропортунда жайгашкан транзиттик борбор чыгарылат дегенден бери АКШнын биздеги элчилиги реакция жасай баштады. Мартабалуу саясатчылар менен жолугушуу өткөргөндү мындай кой, алыскы аймактарга чейин кулачын жайып киришти. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында “Америка бурчу” ачылганынын 10 жылдыгынын урматына АКШ элчилигинин өкүлдөрү чакан майрамдык салтанат уюштурушту. Салтанатка элчиликтин атташеси Сюзан Вуд, “Тынчтык корпусу” уюмунун өкүлдөрү катышыптыр. Ушундай эле маанайдагы ишчаралар Каракол жана Чолпон-Ата шаарында өтөөрү айтылууда.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru