Айбат » Акыйкат чечимден коркушкан “Атажуртчу” депутаттар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Акыйкат чечимден коркушкан “Атажуртчу” депутаттар

Ташиев

«Ата журт» партиясынын «үч мушкетеру» өздөрүнүн жоруктары менен азыр дүйнө жүзүн таң калтырууда. Ырасында таң калтыруудан деле калышты. «Булардын аң-сезими балдар бакчасында эле кала берген экен» дешип кол шилтеп калышты окшойт. Аң-сезими толук өнүгүп, кырктын кырынан эбак өтүп кетишкен кыргыздын жигиттери мындай болбошу керек эле. Кырктын кырына чыгайын деп калган Талант Мамытовду деле жаш бала деп айтууга ооз барбайт. Тилекке каршы, мектептин багындагы алмага ууруга кириш үчүн анын тосмосунан ашып түшүп, кароолчуга кармалып, кулактары чоюулуп турса дагы: «Мен тосмодон секирген жокмун, алма уурдайын деген эмес элем, жөн эле мектепке сабакка бараткам» деген сыяктуу болуп жатышат да. Каратып туруп калп айткан мектеп окуучусун түшүнсөң болот. Бирок, эңгезердей болгон Камчыбек Кыдыршаевич өтө «олуттуу» көрүнүп туруп алып эле: «Мен тосмодон секирип жумушума бараткам» десе ооз кургур «сразу» эле Барпы айылын карап калат экен. Ушинтип калп айтып атса, айылдаштары деле уялып калат турбайбы?

Ошентип алардын иши адегенде Биринчи Май райондук сотунда, андан кийин Бишкек шаардык сотунда каралды. Ташиевдин аялдар «батальонунан» батинке менен бакалажка «жеген» (булардан тышкары үч депутаттан 300 миң доллардан «жешкен» деген да бейрасмий маалымат бар) Бишкек шаардык соту үч депутатты жан сакчылары менен кошо таптаза актап жиберди. Ага чейин 9 айга чукул абакта жаткан депутаттар: «Сот ишин атайын эле созуп атасыңар» дегендей бийликти күнөөлөп келишкен. Эми болсо өздөрү өздөрүнүн сот ишин создуктура башташты. Кыязы, эптеп эле абактан чыгып алууну күтүп жүрүшсө керек.Абактан чыгышкандан кийинки бул депутаттардын аракеттеринен улам алар эч качан акыйкаттуулукту каалабай тургандыктары билинди. Темир тордун артынан бошонуп чыгары менен кубанычы койнуна батпаган, ала көөдөн Ташиев парламентке келип, Кыргызстанда мыйзамдуулук бар экендигин, өзгөчө алардын ишине президент таптакыр кийлигишпегенин айтып толкунданган болчу. Көрсө, ал жан-жөкөрлөрү кантип сүйлөштү үйрөтө электе эле парламентке келип алган экен. Ошондон бир жума өтүп өтпөй Ош шаарында кайрадан эле «Кет бийлик!» деп айтабыз деп опурулуп алды. Атаңдын көрү дүнүйө, алды-артын карабай эле сүйлөй берген, жердешчиликке катуу басым жасаган, мамлекетибиздеги стабилдүүлүктү уруп ойнобогон ушундай саясатчылардан качан арылар экенбиз? Бир айылдын элине материалдык жактан кеңири жардам берип коюп, жолдорун оңдоп, спорт зал куруп берип, майрамдарда аялдарга белек-бечкек таратып, анан «Эми ушуну актагыла» дегенсип, көчөгө чыгарып кыйкыртып, жол тостургандары деги жигитчиликке жатабы? Минтип бир айылдын элин курал катары колдонуу үчүн заправкалардан түшкөн каражаттарын чачпай, жалпы кыргыз эли үчүн олуттуу сунуштарын айтса кана? Ошондо «Мына чыныгы кыргыздын жигити, чыныгы патриот» деп мактап да, мактанып да калат элек го? Кабагын карыш түйүп алып, бийликти сындап жатса, кантип бети чымырабай сүйлөп жатат деп ойлойсуң? Мамлекеттик жогорку кызмат деген 10 чакты спортчу балдарды каалаганыңдай башкарып, ары чуркатып, бери чуркатып эрмектөө эмес экендигин түшүнөт болду бекен? Мамлекетти башкаруу деген Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөндөй жеңил эмес экендигин билеби деги деген да суроо туулат. Андыктан кыргыз элинде айтылып келгендей«Эсиң барда этегиңди жап» демекчи, кеч болуп кала электе, кылган күнөөлөрүн ачык айтышып, ага жараша жоопкерчилигин тартышса, жигиттик кылышмак. Болбосо, «Чыңгызхандын шакирттери» деген каймана аттары тарыхта өчпөс болуп жазылып кала турган болду. Ырасын айтканда Чыңгызхандын заманы болгондо бул «үч мушкетерду» катардагы жоокерчиликке да алмак эмес. Анткени Чыңгызхан үчүн өз элине каршы чыккан адамдар элдешкис душманы болгон. «Мени менен жыйырмооң ээрчигиле, барып бийликти алып келебиз» деп аткан жеринен эле башы алма сабагынан үзүлгөндөй учуп кетмек…

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru