Айбат » Оппозиция «кочкорлору» хансарайды ээлеш үчүн бардыгына даярбы?!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозиция «кочкорлору» хансарайды ээлеш үчүн бардыгына даярбы?!

1

Ак үй менен Көк үйдүн ашынган «абысыңдары» бийликке жетиш үчүн эмнени гана кылышкан жок. Качкын президент КурСалиевичтин тушунда майлуу-сүттүү креслолордо отуруп, жегендери жалаң казы-карта, чучук, санагандары «долларбайлар» болгондуктан элдин жүрөгүн өйүгөн көйгөйлөргө көңүл бурган эмес. Качан гана бийлик керек болуп же кылмыш иши козголуп, кара башын аман сактап калуу учуру келгенде «Кумтөр» темасын көтөрүп чыгышты. Бүгүнкү бийлик «Кумтөр» маселесин четинен чече баштаганда эбак жабылган чекара маселелерине тиш сала башташты.

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кайнар айылынын кээбир тургундары 7-июлдан бери Казакстандын Жамбылына кеткен сугат каналды бууп, ачпай жатышат. Буга былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери тарабынан жетишилген 2600 гектар жерди алмаштыруу боюнча макулдашуу түрткү болуптур. Ал эми акыйкатына келсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек араны делимитация-демаркациялоо тууралуу макулдашуу 2001-жылы эле кабыл алынган. Бул келишим 2008-жылы «Ак жол» партиясы түзгөн парламенттен колдоо таап, президент Курманбек Бакиев кол койгону маалым. Бардыгы мыйзам чегинде жүргөн. Ошол кезде өкмөт курамында жүргөн азыркы оппозиция лидерлери ошондо кыйкырып чыкканда, аларды накта азамат, патриот экен демекбиз. Анан «жоо кеткен соң» кылычын көтөрө чуркап, карапайым калкты козутуп, анын негизинде кырдаалды курчутуп, баш-аламандык салып, бийликке жетебиз дегендери нагыз саясатчылардын, патриоттордун кылар иши эмес. Кайнар айылынын жашоочулары карөзгөй саясатчылардын азгырыгына жетеленип, курал болуп жатканын түшүнөр бекен?

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru