Айбат » Миллион чыры Келдибеков менен Ташиевдин ортосуна от жакканбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Миллион чыры Келдибеков менен Ташиевдин ортосуна от жакканбы?

Келдибеков

Эгиз козудай ээрчишип, Бакиевдин убагында парламентте “Бригада” тобун түзүп, кан досторго айланган “ата журтчу” Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековдун ортосун “кара мышык аралаганы” белгилүү болду. Тар чөйрөдөгү билермандар мунун сыры 1 млн. долларга барып такалат дейт.

Чыңгызханды ашепке кумир тутуп алганбы, айтор, Камчыке түрмөдө да жөн жатпай, Келдибековго салам дуба жолдоптур. “Мага 1 млн. доллар таап бер, 24-мартта бийликти оодарып түшөм” маанисиндеги купуя сырын төгүп. Ал эми Келдибеков мынча каражат таап берерин, ал үчүн, партиянын жетекчилиги толук өзүнө өтүшү керектигин кыйыткан экен. Амбициясы башынан ашкан Ташиев албетте ичинен тиш кайрап, тигиге баш бармагын сөөмөй менен ортондун ортосунан мулуйтуп чыгарып жооп узатат. Кан достордун арасы суушуна ушул жагдай түрткү болуптур.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru